Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Баткен облусуКадамжай району 08.02.2020 17:13 На русском

Милиция кызматкери Баткенде ири өлчөмдө белгисиз химиялык суюктуктарды ташып бара жаткан жеринен кармалды (сүрөт)

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Ош ШИИБдин кызматкери Баткенде химиялык суюктуктарды ташып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу маалыматты өздүк булактар билдирип, Ош ШИИБден тастыкташты.

Алдын ала маалыматка караганда, Баткен ОИИБ менен Ош ШИИБдин кызматкерлери 7-февралда саат 22:50 чамасында Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз прекурсорлорду ташып бара жатат деп шектелген «Шевроле-Каптива» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны кароо учурунда ак түстөгү 17 даана желим идиштерде жалпы салмагы 425 литрди түзгөн химиялык суюктук бар экендиги аныкталды. Учурда бул белгисиз суюктуктардын курамын, эмнеге пайдаланууга болорун аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Алынган өзгөчө жыты бар бул суюктуктардын кайдан алынгандыгын аныктоо боюнча дагы ар тараптуу иштер башталды.

Унаада бара жаткан 2 адам кармалып, Кадамжай РИИБге алынып келинди. Алардын бири Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну (жөнөкөй жаран), экинчиси Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну, Ош ШИИБдин кызматкери экендиги такталды.

Учурда ИИМ жоопкерчиликсиз кызматкерлеринен тазаланууну улантууда.

Сүрөттөр Баткен ОИИБдики

Ош ОИИБдин маалыматы чыккандан кийин Баткен ОИИБ суюктуктарды ташып бара жаткан милиционерди Ош ОИИБ менен биргеликте эмес, өздөрү эле кармашкандыгын билдирди.

Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, 7-февраль күнү 22:50 чамасында Баткен ОИИБге Кадамжай районунда белгисиз адамдар химиялык суюктук ташып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Баткен ОИИБдин криминалдык милиция кызматы менен ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү Кадамжай районунан «Шевроле Каптива» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Анын жүрүшүндө унаада 612 кг зат бар экендиги такталды. Ал белгисиз суюктуктар психотороптук заттарды өндүрүү үчүн прекурсор түрүнө кирген же кирбегени аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Унаада бара жаткан 2 адам Кадамжай РИИБге алынып келинди. Алар Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну К.М. (жөнөкөй жаран), экинчиси Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Ж.Ж. Ош ШИИБдин кызматкери экендиги аныкталды.

Бул иш Кадамжай РИИБди каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×