Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Чүй облусуАламүдүн району 07.02.2020 11:47 На русском

Айыл турмушу: К.Керимкулов 900 кг салмактагы букасын 2300 долларга баалап жатат

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын 28 жаштагы тургуну Кайрат Керимкулов бала кезден эле мал чарбанын сырын өздөштүргөн. Бирок, породалуу малды багуунун пайдасы чоӊ болорун ал казакстандык ишкерлерден үйрөнгөн. Элеттик фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

«Азыр короомдогу букалардын эӊ чоӊу 900 кг салмакта. Аны болсо 2300 долларга баалап жатабыз. Породасы «Голштин», 3 жашта. 2016-жылы тирүү салмагы 1200 кг болгон бир букабызды союп, этин сатып, 150 миӊ сом кирише тапканбыз. Аны сойгондон кийинки этинин салмагы 820 кг болгон. Өзүӊөр билгендей, жөнөкөй кыргыз буканын эӊ семизин сойсоӊор, эти 250-300 кг гана болот. Негизи мен бир жылдары Казакстандан мал ташып иштечүмүн. Ошондо казак ишкерлеринин фермаларын көрүп, ушундай кылыш керек экен деп ойлоп койгом. Кийин түмөндөгөн жөнөкөй мал чарба кармаганча, бир ууч породалуу мал чарба кармаган пайдалуу экенин билип, ишке ашырып кеттик», - деди жаш фермер.

Кайрат Керимкулов 1992-жылы жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.

«Орто мектепти аяктаган соӊ мал чарбачылык менен алектенип кеттик. Чоӊ атам, аталарым дагы мал чарба иштетип келишкен. Чарбабызда «Ала-Тоо», «Голштин» тукумундагы мал бар. Булардын уйлары сүттүү келсе, букалары эттүү келет. Кудай буюрса дагы мыкты породаларды таап, 1500 кг салмактагы букаларды багууну көздөп жүрөбүз. Бул короодогу букалардын салмагы дагы өсөт. Бир букага күнүгө жарым түк чөп, 6-7 кг жем берилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×