Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Чүй облусуЖайыл району 06.02.2020 08:57 На русском

Сүрөт — Кыргызстандагы тоо текелердин мүрзөсү

Turmush -  Кара-Балта капчыгайында тоо текелеринин көрүстөнү бар. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчилер билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагынан бир түрдөгү жаныбарлардын сөөктөрү чогулган жерлерди жолуктурууга болот.

«Бир жолу биз тоодогу мал короого бардык. Мен бир нече мал короолорду көрдүм. Бирок алар тоо текелердин мүйүздөрүнөн курулган экен. Менин таң калуумду байкаган жол көрсөтүүчү адам: “Жүрү, тигил жакта мүрзөсү бар” деди. Биз Жайыл районундагы Көк-Суу жана Кара-Арча капчыгайларынын баш жагына чыктык. Жердин баарында тоо текелеринин мүйүздөрү жатыптыр. Болгону мүйүздөр, сөөктөрү жок. Балким аларды карышкырлар жана жорулар сүйрөп кетишти. Мал короо үчүн мүйүздөр бул жерден ташылган экен. Жол көрсөтүүчү адам: “Мүрзө булардыкы. Бул жерге бардык тоодон келишет” деп айтты», - деди мергенчи Николай Чагай.

Биолог мындай жерлер чын эле болорун айтып, буларга токтолду.

«Тоо текелеринин мүйүзү өлгөнгө чейин өсө берет. Карып калган тоо текенин мүйүзү чоң болуп, жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизет. Ошондой эле, тың жашоого мүмкүнчүлүк бербейт. Мындан улам капчыгайдын бадалдар бар жерине түшөт. Бирок бул жерден тез эле арыктап, карышкырлардын оңой олжосуна айланат», - деди ал.

Мергенчи Виктор Ховрич тоо текелеринин көрүстөнү XX кылымдын 50-60-жылдары жүргүзүлгөн жырткычтык эт даярдоонун натыйжасында келип чыккан деп эсептейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×