Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Талас облусуТалас 01.02.2020 12:30

«Альянс Алтын» фондунун колдоосун алган Акылбек Грузиядагы олимпиадада чемпион болду

Turmush -  «Альянс Алтын» фонду жаш таланттардын өсүшүнө колдоо көрсөтүп келет. Жаш таланттардын арасындагы Акылбек Каныбеков Грузияда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада экинчи жолу чемпион болду.

«Альянс Алтын» фонду Акылбектин жол акысын төлөп, сынакка катышып келүүсүнө жардам берген.

Кыргызстандан аталган олимпиадага 6 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 28 бала катышты. Ошондой эле Грузия, Өзбекстан, Тажикстан жана Ирандан да катышуучулар барышкан.

Акылбек менталдык олимпиададан тышкары тез убакытта кубик-рубик жыйноо боюнча сынакка катышып, биринчи орунду алган. Мындай жыйынтыктар менен ал олимпиаданын супер чемпиону болуп кайтты.

30-январда Акылбек апасы экөө «Альянс Алтын» фондунун кеңсесине келишти. Ал жактан жаш чемпионду фонддун жамааты менен жетекчиси Михаил Шубин салтанаттуу тосуп алышты.

«Биз жаш таланттардын эл аралык сынактарга катышуусуна шарт түзүп берүү менен алардын ички потенциалын ачып, өзүнө ишенимин арттырып, келечекте өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошкон инсандарды жаратып жатабыз деп ишенебиз», - деди Михаил Шубин.

Ал Акылбекке ийгиликтерди каалап өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×