Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАксы району 31.01.2020 12:01 Жаңыланды: 31.01.2020 19:42 На русском

«Чиновниктин талабын уккан инвестор качып кетти»: Түркиядагы кыргыз ишкердин баяны

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 40 жаштагы Жылдызбек Жолдошбек уулу. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Көпүрө-Башы айылында туулган. Учурда Түркиянын Анкара шаарында эмгектенет. Мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Түркияга 18 жашында студент болуп барган.

«Мектепти аяктагандан кийин Түркияда акысыз окууга өтүү үчүн тестирлөө болорун угуп, мен дагы Бишкек шаарына барып, тест тапшырдым. Анын жыйынтыгы менен сынактан дагы өтүп, Анкара шаарындагы университеттин журналистика факультетине бюджеттик негизде окуганга мүмкүнчүлүк алдым. Бирок мен Кыргызстанда эле окуп, ата-энем, бир туугандарымдын жанында болсом деп ойлондум. Анан Түркиядан окуган агалардан сурасам, алар: «Эгер ошондой мүмкүнчүлүк болуп жатса жол киреңди, билетиңди камдап бара бер. Ал жакта билим берүүнүн сапаты жогору, анан акысыз окуйсуң, жатакана менен камсыз болосуң. Эгер жакшы окусаң ай сайын стипендия төлөп беришет», - деп кеңеш беришти. Ошентип 1998-жылы Анкара шаарына окууга жөнөп кеттим. Буга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларын гана көргөндүктөн Анкарага жеткенде абдан таң калдым. Алгач эле мен окуй турган окуу жайды таап бардым. Көрсө журналистика факультети да бир топ адистиктерге бөлүнүп кетет экен. Мен теле жана радио, киноискусство деген адистик бөлүмүн тандап окуп баштадым. Анкарага баргандан кийин кыйынчылыктарды көрө баштадым. Биринчи эле тилди билбегендиктен 1-курсту эки жыл катары менен окудум. Ошентип досторумдун жана мугалимдеримдин көмөгү менен түрк тилин мыкты өздөштүрүп, 2003-жылы окуу жайды аяктадым. Андан соң Кыргызстанга барып, бир жыл Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде ассистент болуп иштеп, 2004-жылы Түркияга кайра келдим», - дейт Ж.Жолдошбек уулу.

Ал академик болуп жогорку окуу жайда балдарга билим берем деген ниети болгонун, бирок турмуш шартка байланыштуу жеке ишкерликке өтүп кеткенин айтат.

«Академик болуп, университетте балдарга билим берем деп кыялданчумун. 2004-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде иштеп жатып, Орто Чыгыш Техникалык университетине бир долбоор менен ишке кирип, ошол эле университеттин (METU) Евразия изилдөөлөрү факультетине магистратурага өттүм. Аны аяктагандан кийин социология адистиги боюнча аспирантурага барып, бирок аяктабай калдым. Анткени, ошол учурда 2-кызым төрөлүп, университеттен алган айлыгым, стипендиям жашообузга жетпей калган болчу. Ошол учурда Түркияда мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айлык маянасы өтө көп эмес болчу. Ошол себептен окуу жайдагы иштен чыгып, окуумду дагы аяктабай калдым. Азыр 3 кыздын атасы болдум.

Ошол учурда бир нече жеке менчик фирмаларда консультант болуп иштеп жүрдүм. Андан кийин жеке бизнесимди түптөдүм. 2014-жылы өзүмдүн фирмамды ачып, ага Курмандан датка апабыздын ысымын ыйгаруу максатында «Датка» деп ат койдук. Иш жаңы башталганда жалгыз өзүм иштечүмүн. Негизи Түркия көбүнчө салыктардын эсеби менен гана жашайт, салыктар абдан кымбат. Жаңы ачылганыбызда салык төлөй албай, кардарларды да көндүрө албай кыйналдым. Ошентип алгачкы жолу Россия мамлекети менен келишим түзүп, Россиядан буйрутмаларды алып, аларды жеткирип бергенден кийин ишибиз жүрүшө баштады. Быйыл түзүлгөнүбүзгө 6 жылдын жүзү болуптур, ал аралыкта Стамбул, Бурса, Конья, Анкара жана Измир шаарларындагы чоң завод жана фабрикалардан иштелип чыккан товарларды Россия, Украина, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Латвия, Израиль, Катар мамлекеттерине жөнөтүп беребиз. Түркиядагы беделдүү фирмалар менен келишим түзүп, а түгүл КМШ өлкөлөрүнө товарларды экспорттойбуз. Учурда фирмада мени менен бирге 4 кызматкер иштейт», - дейт мекендешибиз.

Ошондой эле Жылдызбек Кыргызстанга инвесторлор акча жумшабай жаткандыгынын бир себебине токтолду.

«Мен Түркияда көп ишкерлер жана инвесторлор менен жолугуп, алар менен сүйлөшүп калам. Алар Кыргызстанга көп инвестиция салууну каалашарын айтышат. Анткени, бажы союзундагы өлкөлөрдүн арасында кайсы өлкөдө өндүрүш көп болсо, ошол өлкө утат деген түшүнүк бар. Анан алар даяр бизнес долбоор менен Кыргызстанга барса эле, айрым мамлекеттик кызматтар өздөрүнүн шартын коюп, инвесторду кыйнашат экен. Андан соң ал ишкер акча салбай кетип калат. Мисал катары жакында эле болгон окуяны айтып берейин. 2019-жылдын декабрь айында түркиялык ишкер Кыргызстанга барып, өндүрүш боюнча өзүнүн долбоорун сунуштап, 25 млн доллар инвестиция жумшап, өндүрүш зонасын курууну сунуштаган. Эгер өндүрүш зонасы курулса, ал жерде жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болмок. Эгер экспортко коюлуп калса, анда Кыргызстанга чет өлкөдөн акча келмек. Бирок биздин чиновниктердин бири түркиялык ишкерге: «макул, биз сага саясий баш паана болуп берели, бирок сен кирешеңдин 50%ын бизге берип турасың» деген талап койгон. Мындан улам инвестор макул болбой, кетип калган. Ушундай көрүнүштөрдөн улам чет элдик инвесторлор качып кетип жатат.

Учурда Кыргызстанда эл өзүн-өзү багып жатат, өлкөбүз ушундай абалда турганда жок дегенде инвесторлорго бут тосушпаса жакшы болот эле», - дейт Жылдызбек Жолдошбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×