Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ош облусуНоокат району 31.01.2020 09:57 На русском

Ноокатта көрүнүктүү араб кол башчысынын сөөгү көмүлүшү мүмкүн делген күмбөз 1,5 млн сомго оңдолууда. Сүрөт

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айылынын түштүк тарабындагы «Сахаба» эс алуу багында араб халифатынын кол башчысы Абу Хавс Кутейба ибн Муслимдин күмбөзү болушу мүмкүн делген жай кайра курулууда. Жумуштарга болжол менен 1,5 млн сом сарпталган. Бул маалыматты Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Нодирбек Розалиев тастыктады.

Анын айтымында, күмбөздү кайра курууга жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом, жашоочулардан 800 миң сом жана демөөрчүлөрдөн акча топтолуп, жалпы 1,5 млн сомдун тегерегиндеги каражат сарпталды.

Ош облусунун борборунан 50 чакырым, Ноокат районунан 7 чакырым алыста жайгашкан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү «Сахаба» эс алуу багында байыркы Кытай илимпоздору тарабынан ташка түшүрүлгөн карта, сүрөттөр бар. Таш картаны жергиликтүү илимпоздор изилдеп, байыркы тарыхый эстелик экенин айтышкан.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Мухаммед пайгамбардын сахабалары 6-8-кылымдарда Фергана өрөөнүнүн аймагында жашаган калкка ислам динин жайылтуу үчүн келип, ушул жерде жашашкан. Алардын сөөгү «Сахаба» эс алуу багынын жанындагы көрүстөнгө коюлган. Ошол мезгилден бери бул жер сыйынуучу жай катары эсептелип, Орто Азия өлкөлөрүнөн туристтер келишет.

«Сахаба» мазарында 6-8-кылымдарга таандык, араб арибинде жазылган тарыхый таштар бар.

Эски күмбөздүн дубалы ылай менен тургузулуп, жыл сайын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатып, дубалдын калыңдыгы 1 метрден ашып калган. Күмбөз бир тарапка ооп калгандыктан бузулуп, 2019-жылдын май айында кайра курула баштаган. Учурда сырты бүтүп, ичин оңдоого жергиликтүү бюджеттен кошумча 100 миң сом бөлүү каралган.

Абу Хавс Кутейба ибн Муслим көрүнүктүү кол башчы болгон. Хорасан мамлекетин башкарган жана өмүрүнүн соңку 13 жылында Мавераннахр облусун башкарып, ислам дининин душмандары тарабынан өлтүрүлгөн. Айрым жоромолго караганда, ал Хорасанда өлтүрүлгөн, ал эми башка божомол боюнча 715-жылы Фергана өрөөнүндө көз жумган. Бул божомолдор бири-бирине каршы келбейт, анткени Фергана өрөөнү ошол кезде Хорасан мамлекетинин курамында болчу.

Эл оозунда аталган күмбөздө Кутейба ибн Муслим эмес, Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы пайгамбар Алинин сөөгү коюлган деп айтылып жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×