Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Нарын облусуКочкор району 27.01.2020 22:00

Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Гинекологияда айтылып келген сөздөрдүн кыргызчасын бардыгыбыз эле биле бербесек керек. Кочкор райондук төрөт үйүнүн гинеколог-дарыгери Эрмек Турганбаева аймактык кабарчыга төмөндөгү сөздөрдүн кыргызча которулушун айтып берди.

- Матка жатын;
- Шейка матки жатындын моюнчасы;

- Акушерка аялга төрөт убагында жардам берген медицина кызматкери;

- Эрозия шейки матки жатын моюнчасындагы жара;

- Мастит эмчектин сезгениши;

- Аборт бойдон алдыруу;

- Цистит табарсыктын инфекциядан улам сезгениши;

- Климакс аялдын жыныстык системасынын иштешинин токтошу. Мында этек кир токтойт.

- Внематочная беременность жатындан тышкары бойго бүтүү;

- Токсикоз талгак;

- Выкидыш түйүлдүктүн өлүү төрөлүшү;

- Менструация айыз цикли, этек кир.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×