Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Талас облусуТалас району 28.01.2020 08:43

«Ата, мен жаңы эле үйрөнүп жатам го»: Тамак жасаган келиндин кайын атага жообу

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 85 жаштагы тургуну Аманкулов Момбек ата менен 82 жаштагы жубайы Аманкулова Майрам апа 64 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатат. Аймактагы кабарчы жубайлардан кабар алды.

Момбек ата: Менин өзүмдүн туулган жерим Көк-Ой айылы. Апам эрте каза болуп калды. Атам 12 баласын кантип багууну билбей, айла жок улуу эжем азыркы Көк-Токой айылына турмушка чыгып, андыктан ушул жерге баш байлап келүүгө аргасыз болуптур. Өзү колхоздун коюн кайтарып чабан болуп кетти. Мен дагы ата жолун улап, 7 жашымдан баштап эле атам менен бирге тоого чыгып, сакман учурунда жардам берип жүрүп, тамга таанып билим алган жокмун.

Майрам апа: Мен бир үй-бүлөнүн медер туткан кызы элем. Атам бала көрбөй жүрүп, 40 жашында кыздуу болгон экен. Кубанганынан жетине албай атымды Майрам деп коюшуптур. Ата-энем эркелетип, мени эл көзүнөн оолак чоңойтушкан. Менин артымдан 1 уул, 1 кыздуу болушуп, биз 3 бир тууган катар чоңойдук.

Момбек ата: Билинбей эле убакыт өтүп, 21 жашка келдим. Баягы эле чабандык менен алектенем. Бир күнү атам «балам, сени үйлөндүрсөмбү деп жатам» деп калды. Өзүнүн көздөп жүргөн кызы бар экен. Атам апам каза болгондон кийин экинчи аялга үйлөнгөн эле. Үчөөбүз даярданып алып атам айткан үйгө бардык. Бул адамдар менен ата-энем көптөн бери эле тааныш болушчу. Мага алып берем деп жаткан кызы Майрамды дагы жакшы таанычумун. Себеби аталарыбыз дос болгондуктан бат-бат көрүшүп турчубуз.

Майрам апа: Мен 18 жашка келгенде үйгө биринчи жолу жуучу келген. Анткени мен атамдын эрке кызы болуп, эч ким атамдан батынып менин колумду сурай алган эмес. Ал учурда атам каза болгонуна аз гана убакыт болгон. Апам атамдын досунун баласына турмушка узатууну туура көрдү окшойт, мени Момбекке турмушка берүүгө бат эле макул болду. Ал учурда кыз ата-энеге батынып эч нерсе деп айта алчу эмес. Экөөбүз бала кезде бирге ойноп жүрүп эле эч бир сүйүүсү жок баш коштук. Бирок Момбек аябагандай баамчыл, жапакеч бала болчу. Балким ошондой жакшы сапаттарынан улам биз жакшы үй-бүлөнүн пайдубалын курган окшойбуз.

Момбек ата: Жубайым Майрам тарсылдап аябагандай ачык кыз эле. Ал адаты келин болгондо дагы калган жок (күлүп). Бир күнү колго кесме кесип тамак жасап, баарыбызды дасторконго чакырды. Куюп келген тамагын көрүп эле унчукпай отуруп калдым. Камырды катуу кылып жууруп, ичке кесет эмеспи. Майрам болсо камырды болушунча чоң кылып кесип коюптур. Атам көрүп алып эле «балам, бул эмне болуп калган?» деди. Майрам эч кебелбестен атама карап: «Ата, мен жаңы эле үйрөнүп жатам го. Бат эле үйрөнүп алам. Азырынча ушундай камыр жер туруңуздар» десе болобу. Атам күлүп эле отуруп калган. Азыр дагы кесме тамак жеген кезде кемпиримдин баягы адаты эсиме түшүп күлүп калам.

Майрам апа: Мен 10 бала төрөдүм. Катар 3 баламды боз үйдө көз жардым. Бирок буйруксуз экен, жашымдан бала токтобой үчөө тең чарчап калды. Төртүнчү балам төрөлөрдө 12 баласы бар адамдын үйүнө ырымдап, «Силердин дагы ошондой балдарыңар көп болсун. Кыргыздын бала сатып алмай ырымын жасайбыз» дешкен. Бирок үй ээси уруксат бербей койду. Атам аябай түшүнүктүү адам эле, мага келип, «балам, төрөтканага эле алып барышсын, даярдан» деп койду. Ошондо биринчи жолу төрөткананы көргөн элем. Кудайым буйруп төртүнчү балам уул төрөлдү. Артынан ини-карындаштары көп төрөлүп, биздин үй өзүбүзчө чоң шаар болдук.

Момбек ата: Биз 64 жылды бири-бирибизди сыйлап жүрүп карыттык десем болот. Кемпирим мени менен бирге тоодо колхоздун малын карашып жүрдү. Тоодо бир күн кар жааса, экинчи күнү адам чыдагыс суук болот. Ошондой күндөрдө дагы менин жанымда тирек болуп чогуу жүрдү. Өзү дагы эч кабагым-кашым дебей, жүн тытып, шырдак шырып, аялзатына таандык жумушту жакшы өздөштүрдү. Анан кантип ыраазы болбойсуң?

Майрам апа: Бир учурда жаш келин болсом азыр минтип кайнене болуп, келинге акыл-насаатымды айтып отурган учурум. Жолдошум экөөбүз эле ээрчишип алып кой жайган күндөр өткөн. Кудайдын буйругу менен азыр балдардын сыйын көрүп отурган убагыбыз.

Жубайлар 4 уул, 4 кыз, 32 небере, 15 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×