Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Талас облусуТалас 27.01.2020 10:41

Түндө туулган күн белгилеп, кафеде жулмалашкан айымдар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Талас облустук сотунда кафеден чырдашкан айымдардын иши каралды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Айзуура (аты өзгөртүлдү, Б.А.К) Бакай-Ата районундагы айылда төрөлгөн. Билими жогорку, үй-бүлөлүү. Талас шаарындагы ресторандын администратору болуп иштейт. Мурда соттолгон эмес. Ал КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренесинде (майда бейбаштык) көрсөтүлгөн жорукту жасагандыгы үчүн айыпталган. Талас облусунун Талас шаардык сотунун 2019-жылдын 19-ноябрындагы өкүмү менен аталган берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айып пул салынган. Айзуура бул өкүмгө макул болбой, облустук сотко кайрылган.

Окуянын чоо-жайы:

Айзуура 2019-жылдын 15-октябрынан 16-октябрына караган түнү болжол менен саат 23:30 чамасында өзүнүн кесиптеш кыздары менен бирге Талас шаарындагы кафеде туулган күн белгилеп отурган. Аталган кафенин ашканасында иштеген Рыскан (аты өзгөртүлдү, Р.Д.К) «саат 23:30да кафе жабылат, сиздер чыгышыңыздар керек» деп айткан. Бирок Айзуура аны менен айтыша кетип, кийиминен тартып, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Экспертиза Рысканга жеңил зыян келтирилгенин аныктаган. Шаардык сот тарабынан жогорудагыдай өкүм кабыл алынган.

Айзуура эмне дейт?

Айзуура өкүмгө макул болбой, апелляциялык даттануу келтирген. Себеби жабырлануучу Рыскандын кийимин айрып, тилдеген эмес. Рыскан алар отурган дасторконду эч нерсе дебей эле өзү жыйнап киргенинен «дасторконду өзүбүз жыйнайбыз» деп жабырлануучунун колунан гана тартып койгон. Соттук-медициналык экспертиза залал келтирген деген корутунду чыгарганы түшүнүксүз. Ал эми бул иште күбө катары суралган адамдар жабырлануучу менен чогуу иштешкендер жана иштин жабырлануучунун пайдасына чечилишине кызыкдар. Рыскандан кечирим сурап, өз ара элдешкен. Бирок ал сотто башкача сүйлөп жатат.

Ал эми кафеге ошол күнү саат 18:00 чамасында чогуу иштеген кыздар менен бирге барган. Ал жактан Гүлназ (аты өзгөртүлдү) аттуу кыздын туулган күнүн белгилешкен. Саат 23:30 чамасында кафеде иштеген официант кыз «биз жабылабыз, чыгышыңыздар керек» деп айткан. Алар «дагы убакыт бергиле» десе макул деп кеткен. Кайра бир аз убакыттан кийин ашканада иштеген кыз (жабырлануучу Рыскан) «чыгышыңыздар керек, жабылабыз» деп айтып, ортолорунда ызы-чуу чыгып кеткен. Рысканды «сен ким болуп иштейсиң?» деп сурап, «мындай турчу» деп колунан кармап тартып койгон. Бирок аны сөгүп, жулмалап, мойнунан тыткан эмес. Айзуура буга катар эле кафеде отурганда ичимдик ичкени анык экенин айтты.

Жабырлануучу эмне деген?

Рыскан биринчи инстанциядагы сотто берген көрсөтмөсүндө ал күнү кафеде 3-4 кыз эс алып отурушканын билдирген. Алар спирт ичимдиктерин да ичишкен. Саат 23:30 чамасында ал кыздарга барып, «биз саат 23:30да жабылабыз» деп эскерткен. Кайра артка кайтып бара жатканда айыпталуучу Айзуура колунан кармап тартып, «сен бул жерде ким болуп иштейсиң?» деп, сөгүнгөн. Анан колунан кармап силкип, жакасынан кармап тартканында үстүндөгү жемпери айрылып кеткенин, кайра мойнун тытып салганын айткан.

Сотко катышкан күбөлөр туулган күн белгилеп отурган кыздарга барып, «кафе жабылат» дегенден кийин чыр чыгып, айыпталуучу менен жабырлануучу жулмалашып кеткенин билдиришти.

Соттун өкүмү:

Талас облустук соту иштин материалдарын карап чыгып, Талас шаардык соту 2019-жылдын 19-ноябрында Айзуурага карата чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Чечимге нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×