Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас 24.01.2020 15:28 На русском

«Сизди зордуктаганы келдим»: Өзүнөн 17 жаш улуу аялдын уйкусун бузган таластык жигит же таң заардагы окуя

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Талас шаардык соту Жазык кодексинин 190-беренеси (Турак жайга кол тийбестикти бузуу) жана Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен айыпталган Аралбектин (аты өзгөртүлдү, Т.А.К.) ишин карап чыгып, чечим кабыл алды.

Аралбек 1990-жылы Талас шаарында туулган. Билими орто, бойдок, убактылуу эч жерде иштебейт.

Айыпталуучу — Аралбек 2019-жылдын 30-июлунда саат 04:00 чамасында Талас шаарынын 1973-жылы туулган тургуну Самаранын (аты өзгөртүлдү, С.к.К.) жалгыз жашаганынан пайдаланып, үйүнө кирип, жабырлануучунун колун кайрып, чачынан тартып, ден соолугуна зыян келтирген.

Соттук отурумда Аралбек күнөөсүн мойнуна албай, жабырлануучу Самаранын үйүнө барбаганын айтып, өзүн актап берүүнү суранды.

Сотто жабырлануучу Самаранын айтымында, 2019-жылдын 30-июлунда саат 04:00 чамасында короодогу ити абдан катуу үргөнүнөн сыртка чыккан. Эч ким көрүнбөгөндүктөн кайра үйүнө кирейин деп жатканда кошунасынын баласы эшикти жаптырбай, каршылыгына карабай үйүнө кирген. Андан кийин эшикти бекитип, «эже, мен тоногону эмес, сизди зордуктаганы келдим» деп айткан. Ошондо Самара «акмак, кетип кал!» деп кыйкырган. Аралбек жабырлануучуну жерге жаткырып, колдорун кайрып, тумчуктуруп, чачынан жулган. Жабырлануучу ага каршылык көрсөтүп, аны менен алышып жатканда чакалардагы суу төгүлүп калган. Андан кийин айыпталуучу Самаранын шымын жана ич кийимин чечкен. Жабырлануучу кыйкырып баштаганда «кыйкырба, сени, итиңди да өлтүрүп салам» деп айткан. Ошондо Самара «ай бала кой, сенин апаңды, атаңды жакшы тааныйм. Эч кимге айтпайм. Тынч эле кетип кал, мага тийбе» деп жалынып айткан. Аралбек «эч кимге айтпаңыз, мени кечириңиз» деп үйдөн чыгып кеткен.

Самара окуядан кийин агасына телефон чалганын айтып, айыпталуучуну жазага тартып берүүнү суранды.

Жыйынтыгында Аралбек Жазык кодексинин 190-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 360 сааттык коомдук иштерге тартуу жазасы белгиленди. Ошондой эле Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 40 сааттык коомдук жумуштарга тартуу жазасы белгиленди. Жазык кодексинин 81-беренесинин 7-бөлүмүнүн негизинде белгиленген жазалар бириктирилип, жалпысынан 400 сааттык коомдук иштерге тартуу жазасы белгиленди.

Токтом 2020-жылы 16-январда чыкты.

Чечимге нааразы тарап, өкүм күчүнө киргенге чейин облустук сотко арыз менен кайрыла алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×