Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ош облусуОш 24.01.2020 11:36 На русском

Уулун 5 миң долларга сатып жаткан жаш келин жана анын аяш апасы кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунун 1997-жылы туулган тургуну К. кызы К. 17-январь күнү төрөгөн ымыркайын 5000 долларга сатып жатканда Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды. Аны менен бирге аяш апасы — 1975-жылы туулган А.Э. колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүлөр 21-январь күнү кармалган. Кечээ, 23-январда Ош шаардык сотунун судьясы Жазык кодексинин 171-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту жана 3-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Кишилерди соода кылуу) менен айыпталган К. кызы К. жана ымыркайды сатууга көмөктөшкөн А.Э.нин баш коргоо чарасын карап, биринчисин үй камагына чыгаруу, ал эми А.Э.ни 2 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Судья ымыркайдын энесин үй камагына чыгарууда 2 жашы жете элек баласы бар экенин, жалгыз бой эне болуп, төрөгөндөн кийин ден соолугунун оорлошуп кеткенин эске алган. Шектүү кечки саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин жашаган жеринен эч жакка кетпөөгө милдеттендирилди.

Чечимге нааразы тарап апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу.

Шектүү К. кызы К. убактылуу эч жерде иштебейт. Ал эми А.Э. Өзгөн районунун тургуну, убактылуу эч жерде иштебейт, өзүнүн айтымында мурда соттолгон.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, 20-январь күнү милицияга Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө азиат түспөлүндөгү аял өзүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайын сатып, пайда көрүүнү көздөп жатканы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Анын негизинде Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 21-январь күнү Өзгөн шаарындагы төрөт үйүндө уул төрөгөн 23 жаштагы К. кызы К. жана ага баланы сатууга көмөктөшүп жаткан аяш апасы — 45 жаштагы А.Э. ымыркайды 5000 долларга баалап, сатып жаткан учурда кармалышкан.

Шектүүлөргө алгач 2000 доллар берилген. Кармоо учурунда келиндин жанынан 1,5 миң доллар, аяш апасынын жанынан 500 доллар алынган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баш коргоо чарасы каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×