Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас району 24.01.2020 11:31 На русском

«30 жашымда миллионер болдум»: З.Аманкулов өзүнө ишеничтүү жардамчы издеп жатат. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 42 жаштагы тургуну Замирбек Аманкулов 11 жылдан бери саан уйларды багып келет. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча инженер.

«Мен чабандын үй-бүлөсүндө чоңойдум. 4 бир тууганбыз. Баарыбыз мал менен алектенип келебиз. Кесибим боюнча инженермин. 15 жыл кесибим боюнча иштедим. Өзүм малчынын баласы болгондуктан малга кызыгуум бар болчу. 2008-жылдан бери мал менен иштейм. Учурда 15 саан уй жана 15 субай бар. Буларды торпок кезинде ар бирин 15-20 миң сомдон сатып алгам. Алардын башын көбөйтүп, арасынан сүттүүлөрүн тандап алып калгам. Уйларды атайын аппараттар менен саайбыз. Күнүнө ар бири 12-14 литрден сүт берет. Сүттүн литрин 21 сомдон өткөрөм. Ал эми субайлар болсо кыштан чыгып, жайлоого кетет. Эмдиги жылы байланат, семиртип сатам. Былтыркыларды байлап, сатып жибердим. Орточо эсеп менен 49 миң сомдон саттым. Мал жайында жайлоого, кышында сарайда багылат. Үлүш жериме чөп эгилген. Чөп өзүмдөн чыгат. Жемди сатып алам.

Негизи айылда жашап деле миллионер болсо болот. Ал үчүн бир гана ишенич жана эмгек керек. Жалаң малды көбөйтүп, семиртип сатып, 30 жашымда миллионер болдум. Малдын сырын атам жакшы билгендиктен анын жардамы чоң. Акыл-насаатын угуп, кеңешип иш кылып жүрдүм. Мал багыш үчүн атайын 2 млн сомго сарай сатып алдым. Малдан бошобойм. Учурда жардамчым жок. Ишеничтүү жардамчым болсо өзүмдүн кесибимди улантып иштейт элем. Азыркы тапта жардамчы караштырып жатам. Малдын сырын билип иштесең жакшы. Ал үчүн ар бир нерсени туура пайдалана билиш керек», - деди фермер.

Замирбек мырза 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×