Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ош облусуОш 18.01.2020 19:57 На русском

Ошто сабалган аэропорттун кызматкери «Казак» каймана аттуу шектүүгө карата тосмо арыз жазганбы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  «Казак» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү У.М. тарабынан сабалды делген "Ош" эл аралык аэропортунун кызматкери У.Р. милицияга тосмо арыз жазган. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматты Ош ШИИБ дагы тастыктады. ШИИБден билдиришкендей, жабырлануучунун тосмо арызы кылмыш иштин өндүрүштөн кыскартылышына негиз боло албайт.

Маалыматка караганда, жабырлануучу У.Р. «Казак» каймана аттуу У.М.ге доосу жок экенин билдирип, тосмо арыз жазган. Ал шектүү У.М. эч кандай материалдык жана моралдык зыян келтирбегенин, ага карата доо арызды мажбурлап жаздырышканын айткан. Ал тосмо арызды 17-январда жазганын белгилеп, кол койгон.

Өзүн жабырлануучу У.Р.нын күйөө баласымын деп тааныштырган адам тосмо арыз жазылганын укканын, бирок арызды У.Р. өзү жазбаганы мүмкүн экенин айтты. У.Р.нын досторунун бири дагы тосмо арыз жабырлануучу тарабынан жазылбашы мүмкүн экенин божомолдоду.

Аймактык кабарчы Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын бет-жаак хирургия бөлүмүнө барып, жабырлануучуну таба алган жок. Дарыгерлер ал сыртка чыгып кеткенин гана айтышты.

«Бөлүмдүн атайын уставы бар. Бейтап каалаган убакта эшикке чыгып кете албайт. Менин оюмча ал физикалык дарылоо бөлмөсүнө кеткен болуш керек. Бир нече убакыт мурун ушул жерде жубайы менен жүргөн. У.Р.ны 21-январда үйүнө чыгарабыз. Негизи биздин ооруканада 10 күн дарыланышы керек. Азыр У.Р.нын абалы жакшы, тамак жей алат. Физикалык дарылоо бөлмөсүнө өзү барып жатат», - деди бет-жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы Абдрахман Эшиев.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков 11-январь күнү У.Р.нын сабалгандыгы боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси менен (Каракчылык) кылмыш иши козголгонун билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарындагы аэропорттун кызматкерин сабоого шектелип эки адам кармалганын жазган.

11-январь күнү Ош шаарынын түштүк-чыгыш тарабында 1989-жылы туулган Р.У. сабалып, ооруканага түшкөн. Аны сабоого шектелип 15-январь күнү Ош шаарында Өзгөн районунун 1985-жылы туулган тургуну Д.М. жана Алай районунун 1992-жылы туулган тургуну Э.у.Б. кармалган. Кармалгандардын жанынан Р.У.га тиешелүү травматикалык тапанча табылган. Тапанча далил буюм караты алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Turmush басылмасы 11-январда түнкү саат 2:30 чамасында Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бир нече балдар менен Кара-Суу районунун тургунун сабоого шектелип жатканын жазган.

Маалым болгондой, токмок жеген адамдын жаагы 3 жерден сынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×