Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуКемин району 17.01.2020 16:29 На русском

Эки кызын унаадан ыргытып, аялынан айрылган киши же Боомдогу кайгылуу окуя

Боом капчыгайы
Боом капчыгайы

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Алмаз Абдраимов адамдарга жардам берүү үчүн куткаруучулук кесипти тандап алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

Кеминдеги сел жана өрт

- 2014-жылдын 7-майында катуу жаандын кесепетинен Кызыл-Октябрь айыл аймагында сел жүрүп, калкка кыйын кырдаал түзүлгөн. Өзгөчө кырдаал болгон мезгилде мен эмгек өргүүдө болгонума карабай жана жогорку жактын буйругу жок эле жумушка чыккам. Анткени андай өзгөчө кырдаалда ар бир мүнөт баалуу болуп турган. Ошондо куткаруу иштерин ыкчам жана туура жүргүзүүнүн негизинде аталган кырсыктын кесепетин жоюп, эч ким жабыркаган эмес. Көпчүлүгү айылдан кетишкен. Айрым кары-картаӊ, майып адамдарды куткаруучулар коопсуз жайга жайгаштырышкан.

2019-жылы жай мезгилинде Кемин районундагы Чым-Коргон айыл аймагында жайгашкан психиатриялык оорукананын кампасы күйүп, жакын жайгашкан имараттарга өрт жайылуу коркунучу жаралган. Аны да өз убагында өчүрүп калганбыз. Бир аз кечиксек, анда өрт тез эле жанындагы имараттарга жабышып, бейтаптарды чыгарып кетүүгө туура келмек. Жайдын аптаптуу ысыгы күчөп турган маал болчу. Өрт болсо куураган чөптөн тутанган.

Боомдогу кайгылуу кырсык

- 2015-жылдары болсо керек. Бишкек—Нарын—Торугарт автоунаа жолундагы Боом капчыгайында жол кырсыгы катталган. Айдоочу рулду башкара албай, Чүй суусуна кирип кеткен. Унаада 2 өспүрүм кыз жана алардын ата-энеси болгон. Мындайча айтканда бир үй-бүлө кетип бараткан. Анан унаа кулап баратканда атасы эшикти ачып, эки кызын ыргытып жибергенге үлгүргөн экен. Биз дароо жетип бардык. Артыбыздан тез жардам кызматы келип калды. Биз жар менен төмөн түшүп, суу жээкте жаткан эки кызды медайымдарга өткөрүп берип, андан ары унаага жөнөдүк. Ал автоунаа сууга чалкасынан кулаган экен. Айдоочу алган жаракатынан кыйналып, унаадан чыга албай жатыптыр. Аны чыгарып, ак халатчандарга өткөрүп бердик. Бирок ошондо аял киши табылган эмес. Көрсө ал унаанын алдында калган экен. Кийин унааны кран менен алып чыкканда аялдын жансыз денеси табылды.

Кыздары ата-энесин сурап ыйлашканда эмне кыларыбызды билбей калганбыз. Ал эми атасы оор абалда ооруканага жөнөтүлгөн.

Мен сүйгөн кесип

- Куткаруучулук кесип мага абдан жагат. Адамдарды ар кандай кырсыктан куткарып, жардам берүү — өтө сооптуу иш. Ошондуктан ушул кесипти тандап алгам. Кырсык күтүлбөгөн жерден болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ар бир адам коопсуздук эрежелерди так сакташы керек.

40 кг салмактагы кийим

- Өрт өчүрүүчүнүн кийген кийими 40 кг салмакта болот. Ысык өткөрбөгөн материалдан тигилет. Аны кийген адамга ыӊгайсыздык, кыйынчылык жаратат. Бирок даярдыктан өткөн куткаруучулар 40 кг салмактагы жүк менен ыкчам кыймылдаганга аракет кылышат. Алардын жанында дайыма газ, түтүндөн сактоочу аппарат, лом, балта жана башка жабдыктар болот. Ал эми АЦ-4-40 өрт өчүрүүчү унаасына 4 тонна суу батат. Кемин районунун №5 өрттөн куткаруу бөлүмүндө эки өрт өчүрүүчү унаа жана авариялык куткаруу унаасы бар.

Экологмун

- Мен Кемин шаарында 1977-жылы 5-мартта төрөлгөм. Үй-бүлөлүүмүн, 3 кыз, 1 уулдун атасымын. Билимим жогорку, 2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экология жана жаратылышты пайдалануу боюнча билим алып чыккам. 2000-2006-жылдары Бишкек шаардык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгында инспектор болуп иштегем. 2006-2010-жылдары Кемин районунда «Алтын кен» ишканасында эмгектенгем. 2010-жылы Токмок шаарында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болгом. 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кемин райондук ӨКБнын башчысы болуп иштеп келем.

Сыйлык жана сыймык

- Хоббим — спорттук иш-чараларга катышуу жана китеп окуу. Алган сыйлыктарым: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ардак баракча, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ардак баракча, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын ардак баракчасы жана шаар мэрлеринин грамотасы, төш белгилери менен сыйлангам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×