Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ысык-Көл облусуБалыкчы 18.01.2020 21:17

Биринчи эмгегин эч ким албай койгондо ыйлагысы келген Аминанын өнөрү. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 25 жаштагы тургуну Амина Асакеева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинин 2-курсунда бухгалтердик адистик боюнча билим алат.

«Учурда жасалма гүлдөрдүн түрүн жасайм. Ал үчүн гофрир кагаздарын колдоном. Жасаганды интернет булактарынан үйрөндүм. Азыр бала менен үйдөмүн, дагы экинчисин күтүп жатам. Ошондуктан кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө убакыт бар. Акыркы эки жылдан бери буйрутма кабыл алам. Майрамдарга алдын ала даярдайм. Бир күндө 3 букет гүл жасаганга үлгүрөм. Баасы 500 сомдон 2000 сомго чейин жетет. Эң чоң гүлдүн баасы 3500 сом. Эң биринчи жасаган гүлүм өтпөй калганда кыжалат болуп, ыйлагым келген. Себеби ага убакыт коротуп, абдан кылдаттык менен жасаган элем. Бирок, аны кайра оңдоп чыккандан кийин апама белек кылгам.

Эми ишкерчилик менен алектенүүнү ойлоп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×