Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуАксы району 17.01.2020 13:15

Министрликти сотко беребиз деген аксылык мугалимдерге кыскартылган айлык төлөнмөй болду

Билим берүү жана илим министрлиги
Билим берүү жана илим министрлиги

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигин сотко беребиз дегенден кийин майрам күндөрү кыркылган айлык акы төлөнмөй болду. Бул тууралуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу билдирди.

Анын айтымында, министрлик 1-январь жана 7-январь күндөргө акы төлөп бермей болду.

«Мугалимдердин даттануусунан кийин Билим берүү жана илим министрлиги менен байланышып, тактадык. Министрликтен майрам күндөрү кыркылган айлык акыны төлөп берерин билдиришти», - деди Т.Эмилбек уулу.

Буга чейин Аксы районундагы А.Жаныбеков орто мектебинин социалдык педагогу, жергиликтүү кеңештин депутаты Тилеген Керимкулов майрам күндөрү мугалимдердин маянасы кыскартылганы үчүн алар Билим берүү жана илим министрлигин сотко беришерин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×