Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусу, Ош 15.01.2020 18:28

Ошто эл каттоого даярдыктар көрүлүүдө

Turmush -  Ош шаарында калк жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү иштери талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана тиешелүү жетекчилер катышып, маалымат беришти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

«Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул боюнча өкмөттүн атайын токтому кабыл алынган. Эл каттоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринен турган комиссия түзүлгөн.

Эл каттоо 10 жылда бир жолу жүргүзүлүүчү республикалык деңгээлдеги иш-чара болуп саналат. Буга чейин өткөрүлгөн каттоодон айырмаланып, быйыл каттоо иштери электрондук форматта жүргүзүлөт. Ар бир үйгө барган каттоочулар жашоочулар тууралуу маалыматтарды смартфондорго түшүрөт», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×