Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуКара-Суу району 15.01.2020 19:00

Кыргызстандын жаратылышы: 970 калкы бар Кара-Суудагы Тээке айылы

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылы Ош облусунун чыгыш тарабында жайгашкан. Жергиликтүү тургун Сыймык Марат уулунун айтымында, Тээке айылы батыш тарабынан Папан, Лаглан, түндүгүнөн Бекжар айылдары менен чектешет. Айылды төрт тарабынан бийик тоолор курчап турат. Ал эми Жумакбашы-Ата тоосунан Ош шаары толук көрүнөт.

Тээке айылында 970 адам жашайт жана 163 түтүн бар. Таза суу маселеси жок, дээрлик ар бир үйдүн короосуна суу киргизилген.

Жергиликтүү тургундар мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Кыш мезгили 5-5,5 айга созулат. 1 мектеп, спорт зал, ФАП жана мечит бар. Жашоочулар айылдагы негизги көйгөй — жолдор экенин айтышты.

тээке айылы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×