Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусу, Ош 15.01.2020 16:34

Эгиздер: Эгизден төрттү төрөгөн Нурзаттын унутулгус көз ирмемдери

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулган Нурзат Абдыкадырова 16 жаштагы Жаныш жана Байыш аттуу эгиз уулдары жана 4 жаштагы Алия жана Нурия аттуу эгиз кыздары тууралуу айтып берди. Өзүнүн айтымында, анын чоң энесинин Батма жана Зуура деген кыздары болгон.

«Мен дагы чоң энемди тарткан болушум керек деп ойлойм. Кичинекей кезимде эгиз төрөгөн аялдарды жактырчу эмесмин. Бирөөлөр эгиз төрөптүр дешсе, «бирди эле төрөбөйт беле» деп ойлочумун. Кийин турмушка чыгып, кош бойлуу болгондо УЗИден эгиз экенин айтышты. Ошондо өзүмдү жаман сезип, ыйлаганым эсимде. Дарыгерге барсам, «УЗИдеги кагазымды көрүп, эгиз балдардын энеси болот турбайсыңбы, баары жакшы болот», деп эс алдырган. Жаныш биринчи 2100 грамм салмакта, беш мүнөттөн кийин Байыш 2200 грамм салмакта төрөлгөн.

Биз 2005-2018-жылдары Россиянын Самара шаарында жашап келдик. Азыр Бишкек шаарында турабыз. Экөө такыр окшош эмес. 4-5 жашынан баштап окшош кийинбей калышкан. Мүнөзү эки башка. 1-классты экөө Самарадагы татар мектебинде окушту. Байыш грек-рим күрөшү менен машыгат, ийгиликтерге жетишип, Самаранын чемпиону болгон. Азыр машыгуусун Кыргызстандан улантып жатат. Быйыл чемпионатка катышат.

Жаныш чыгармачыл адам, сүрөт тартканды жакшы көрөт. Мүнөзү жумшак. Самарада жүргөндө экөөнү ээрчитип бара жатсам, көргөн адамдар «ушул экөө сенин балдарыңбы?» деп сурашчу. Дагы эмне болуп кетти деп сарсанаа болчумун. Мугалимдер Байышты «энергиясы ашып турат, залга киргенине сүйүнгөнбүз» дешти. Сабак бүтөрү менен эртерээк кетип калса экен дешчү экен.

Эгиз уулдарымдан кийин 2006-жылы Нурислам аттуу уулдуу болдук. Ал эми 2016-жылы Алия жана Нурия аттуу эгиз кыздарым төрөлдү. Экөөнү 10 жыл күттүк. Экөөнү аман-эсен Самарадан төрөдүм. Ал жактан көчүп келгенибизге 1,5 жыл болду. Балдарыбыз өз жеринде жашашсын деген максатта келдик. Эгиз кыздарым бири-бирине аябай окшош. Жакында 4 жашка чыгат. Ал эми Жаныш келечекте режиссёр болом десе, Байыш архитектор болууну кыялданат», - деди 38 жаштагы Нурзат Абдыкадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×