Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Баткен облусуБаткен району 15.01.2020 11:30

Баткенде чек арадагы кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлдү

Turmush -  Кечээ, 14-январда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу президент Сооробай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өттү. Сүйлөшүү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» өткөрмө-көзөмөл жайларынын аймагында, 2 өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну активдештирүү боюнча көп жактуу пикир алмашуу болду. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Протоколго ылайык:

- Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

- Топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы Самаркандек жана Көк-Таш тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;

- Тараптар Чоркух–Ак-Сай–Ворух, Көк-Таш–Орто-Боз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара–Ворух жана Баткен–Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүүгө макулдашышты;

- Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

- Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет;

- Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 15-январда чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берүү максатында жергиликтүү калк менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×