Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Ош облусуНоокат району 15.01.2020 11:13 На русском

«Мажбур болдум»: 4 ай мурун шайланган Бел айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан кетти

Кубатали Нурбаев
Кубатали Нурбаев

Turmush -  Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы өзү жазган арыздын негизинде 2019-жылдын 26-декабрында ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Анар Жумаева тастыктады.

«Кубатали Нурбаев буга чейин райондук мамлекеттик администрацияда иштеген. Айыл өкмөт башчысы кызматында 4 ай эле иштеди. Жакшы иштеп жаткан. Эмне себептен кеткени түшүнүксүз», - дейт А.Жумаева.

Эми Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 29-январда өтөт.

Ал эми Кубатали Нурбаев арызды өз каалоосу менен жазбаганын айтты.

«Арыз жазууга мажбур болдум. Буйрук жогорку кызматтагы адамдардан эмес, жеке адамдан түштү. Ал буйрукка райондук мамлекеттик администрация да макул болду», - деди К.Нурбаев.

Turmush басылмасы Кубатали Нурбаев 28-августта Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×