Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 15.01.2020 10:46 На русском

«Жол тандабас алсам, сизге баткак чачыратам»: Ак-Талаада тоого чейин кубалашып барган окуучу менен мугалим

Ажаркүл Тиленбаева
Ажаркүл Тиленбаева

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мугалим, теннисчи Ажаркүл Тиленбаева 27 жылдан бери мектеп директору болуп иштеп жатат. Аны менен аймактык кабарчы баарлашты.

Тиленбаева Ажаркүл Шамшидиновна 1962-жылы 5-октябрда Баетов айылында туулган. Орто мектепти бүткөн соң, 1980-1985-жылдары В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика бөлүмүндө окуп, мугалимдик кесипке ээ болгон. Алгач эмгек жолун Кара-Бүргөн айылындагы Молдобасан (азыркы Мукаш Базаркулов) атындагы орто мектебинде баштаган. 1986-1997-жылдары Кычан Жакыпов атындагы пионерлер үйүнүн директору, 1997-2003-жылдары Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинде мугалим, 2003-2013-жылдары ушул эле мектептин директору, 2013-2017-жылдары Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин директору болду. 2017-жылдан бери Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин директору.

«Стол үстүндөгү теннис менен алектенип, ойноп жүргөнүмө көп эле жыл болду. Тактап айтканда 1987-жылдан бери ойноп, ири мелдештерге катышып жатам. Кыргыз Республикасынын 1-2-спартакиадасына катыштым. Мугалимдер арасында өткөн республикалык мелдешке катышып, 3-4 жыл катары менен 1-орунду камсыздап жүрдүм. Кийин пионерлер үйүндө теннис боюнча ийрим ачып, балдарды машыктырып, окутуп жүрдүк. Балдарыбыз дагы республикалык мелдештерде чемпион болушту. Бул менин эле эмгегим деп айтуудан алысмын. Канайым Матыгулова аттуу эже бар эле. Ал киши дагы 35 жашынан баштап теннис ойноду. Ошол эженин салымы да бар. Мен 1996-жылы "Эл агартуунун мыктысы" деген төш белгиге ээ болдум. Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамын ден соолукка байланыштуу ала албай калдым», - деди ал.

Мугалимдик кесипти эмес, медицинаны сүйгөн Ажаркүл бул тармакка келип калышына апасы түрткү болгонун айтат.

«Мугалимдик кесипти жан дүйнөм тандап алган деп айтсам калп айткан болом. Негизги мен медицинаны тандагам. Азыр дагы дарыгерлик кесипке абдан жакынмын. Ийне саям, медицина боюнча көп окуйм. Апам "дарыгерлик кесипке барсаң, өмүр бою негатив менен жүрөсүң. Сенин жүрөгүң жумшак, жүрөгүң ооруп өлүп каласың" дечү (күлүп). Ыраматылык Макен акем дагы "албетте, математиканы окусун. Математика менен физика абдан керек" деп алдап-соолап эле окутуп коюшкан. Эгерде спорт жагын тандасам, эчак спорттун чебери болмокмун. Учурда 2 балам бар. Кызымды турмушка узаттым. Бактылуу энемин десем болот», - деди теннисчи айым.

Кол өнөрчүлүккө кызыккан мугалим эркектердин ишин да жасаган.

«Спорттон тышкары дүйнөлүк адабиятка абдан кызыгам. Андан сырткары кол өнөрчүлүккө кызыгуум күч. Көптөгөн эмгектерим бар. Негизи көп эле нерсеге кызыгам. Бирок анын баары менен алектенүүгө убакыт жок. Балдарымды багам. Андан тышкары малымды карайм. Мектепке барсам, көп нерсеге убакыт таппайм. Эмчектеги баласы бар энедей мектепте эле жүрө берем.

Байымбет атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушуна салым коштум. Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебин 10 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүүгө, Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин 10 млн сомго оңдолушуна салымым бар. Ал эми аялзатына таандык бардык иштерди жасай алам. Ийик ийрип, шырдак шырыйм, тери ашата алам. Өрмөк согуудан башкасын жасайм.

Үйдө эркек бала жок болгондуктан ата-энемди бактым. Жайлоодон кой өңөрүп келчүмүн. Кой соё алам, бирок жиликтей албайм. Кой кыркып, чөп чаап, кой кайтарып, кыскасы бүт эле жасадым», - деди Ажаркүл Тиленбаева.

Ал жумушундагы көптөгөн кызыктуу окуяларынан баяндап берди.

«М.Базаркулов атындагы орто мектебинде 1985-жылкы туулган балдардын класс жетекчиси болгом. Ошол окуучулар менен тыныгуу учурунда ортого түшмөй ойноп, алардын тырмагын, чачтарын алып, ал тургай жуунткан учурларым болду. Ошол мектепте иштеп жүргөн учурда балдардын ата-энесине "балдар бейбаш, балаң минтти, балаң антти. Тентек. Жакшы окуткула" деп эле жүрчүмүн. Өзүмдүн уулум аябай тентек эле. Бир күнү мектептин алдында отурсам эле балам ары-бери чуркап, терезеге таш ыргытып, "кой" десем болбой койду. "Жөн" деп ордумдан тура калсам, качып жеткирбей койду. Жанымда Эрзат Мыктыбеков аттуу окуучум отурган. Ага "эркек бала аябай бейбаш болот экен. Силерди тентексиңер деп жатып өзүмдүн балам дагы аябай тентек болду" десем, ал аябай күлүп "ушундай болмок эжеке" деди. Окуучуларым үчүн кубанып, толкунданып жүргөн учурларым көп болду.

Дагы бир окуучум бар эле. "Оку" десем такыр тил уккан жок. Ушунчалык тентек эле. Сабактан каччу. Качканда дагы айылдын күн батыш жагындагы тоону көздөй качат. Артынан кубалап жөнөчүмүн. Анан тоого чыгып алып, мени көздөй таш кулатып баштачу. "Мен дагы чоңоём. Ошондо жол тандабас алам. Сиз ошондо таяк таянып кетип бара жатканда баткак чачыратып өтүп кетем" деп кыйкырып баштачу.

Мектепти бүткөндөн кийин бирөөдөн 2-3 бөтөлкө суусундук, "Крекер" деген печенье салып, кат жазып жибериптир. "Эжеке, сиздин эмгегиңизди билдим. Рахмат, ыраазымын. Ушуну кызыңызга ооз тийгизип коюңуз. Эмгек акымдан. Кийин акчам көбөйгөндө чоң буюм сатып берем" деп жазып коюптур. Көзүмө жаш алып, ал катты мугалимдердин баарына "менин окуучум ушинтип кат жазыптыр" деп көрсөтүп чыккам», - деди Ажаркүл эже.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×