Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.01.2020 18:33

Түркияга иштегени кеткен жаш эненин 1 жаштагы наристеси чарчап калды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында 10-январь күнү бир жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, кыздын энеси аталган айылда 1997-жылы туулган. Атасы каза болгон. Ал Ысык-Көл районунун Өрүктү айылынын тургуну болчу. Чарчап калган наристенин апасы Түркияга иштегени кеткен. Наристе таенесинин колунда калган.

«Кыздын жүрөк оорусу бар экени айтылып жатат. Анан кусуп, көгөрүп калчу экен. Бул жолу дагы жүрөк оорусу кармап, көгөрө баштаптыр. Аны эсине келтирүү үчүн бетке чабышкан экен. Наристени ооруканага алып барышканы менен каза болуп калган. Айыл ичинде жүрөк оорусунан улам чарчап калдыбы же сабалдыбы деген сөздөр айтылып жатат», - дешти тургундар.

Ал эми Ак-Суу райондук ооруканадан 10-январда наристе жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдиришти.

«Бизге түшкөн К.Ясинага 11 ай 20 күн болуптур. Ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан экен. Бизге оор абалда түштү. Ага мээнин шишиги жана аз кандуулук деген диагноз коюлду. Дарыгерлер колунан келген аракеттерин кылышты. Эртеси облустан педиатр, эндокринолог чакыртып, консилиум кылдык. Бирок көрүлгөн аракеттерге карабай наристе саат 13:00дө чарчап калды.

Кыздын жаагында көк ала тактар болгондуктан милицияга кабар берилди. Кызды алып келген жакындары наристенин абалы оорлоп бара жатканда дем алдыруу үчүн массаж жасаганын айтышты. Булар экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот», - деп билдиришти райондук ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×