Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Нарын облусуЖумгал району 14.01.2020 18:06 На русском

«Конькини кыйын тебесиңби?»: Жумгалдагы муз аянтчада 24 жаштагы жигит сабалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  2-январь күнү Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнө караштуу Жетим айылындагы (айыл макамы расмий берилген эмес, жергиликтүү эл Жетим айылы деп атайт) муз аянтчасында 24 жаштагы М.Ж. аттуу жашоочуну топ балдар себепсиз ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жумгал РИИБге Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 1965-жылы туулган тургуну К.Э. арыз менен кайрылган. Ал 1-январь күнү уулу М.Ж. кечки саат 20:00 чамасында муз аянтчасына баруу үчүн үйдөн чыгып кеткенин, саат 21:30 чамасында уулун белгисиз адамдар ур-токмокко алышканын билдирген. Аталган факт Жумгал РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган М.Ж. муз тээп жүргөн учурда бейтааныш 6-7 бала аны чакырып, алардын арасынан М. аттуу жигит «сен эмне, конькини кыйын тебесиңби?» деп денесине чаап-тээп, сабаганы аныкталган. М.Ж.нын денесинен алган жаракатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми аны ур-токмокко алган М.А. Жумгал районунун Чаек айылынын 1995-жылы туулган тургуну экендиги аныкталып, күнөөсүн мойнуна алган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, шектүү М.А. Чаек айылында жашайт жана Жогорку Кеңештин депутатынын кайын иниси. Жашоочулар бул жагдай териштирүү иштерине тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×