Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Талас облусуМанас району 14.01.2020 17:50

Таластагы чек арадан башканын паспорту менен мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Turmush -  Кечээ, 13-январда Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара пунктунан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, чек арачылар Кыргызстандын 1991-жылы туулган жараны С.М.нын паспортун текшерүү учурунда сүрөт менен өзүнүн келбети окшошпой турганын байкашкан. Андан аркы текшерүүдө ага өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынганы, андыктан тууганынын паспортун колдонгону такталды. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×