Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Нарын облусуЖумгал району 14.01.2020 19:00

Жумгалда жол тайгак болгондуктан кум себилип, кар тазаланып жатат (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районундагы жана ашуудагы унаа жолдорго кум себилип, кар сүрдүрүлүп жатат. Бул тууралуу Жумгал РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, райондун аймагында кар жаагандыктан ЖКККБ тарабынан райондук №24 жол тейлөө ишканасына жана Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан чет элдик компанияга көрсөтмөлөр берилген.

«Жол тайгак болуп жатканын эске алып, жол кырсыктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», - дейт Н.Алымкулов.

Ошондой эле өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов эртең, 15-январдан тартып Жумгал районунун аймагын кыдырып, эл менен жолугушары белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×