Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.01.2020 17:06

«Жансыз денени өзүбүз тазалайбыз»: Өлгөн адамдарды унута албай кыйналган ак-талаалык Ж.Букарбаеванын жумушу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  25 жылдан бери медицина тармагында үзүрлүү иштеп, 7 баланын энеси болгон Жеңишгүл Букарбаева менен аймактык кабарчы маектешти.

Букарбаева Жеңишгүл Чоробековна 1975-жылы Баетов айылында туулган. Аталган айылдагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин орус классында билим алган. 1992-1994-жылдары Республикалык базалык медициналык окуу жайында окуп, эмгек жолун Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө ымыркайлардын эмчи айымы болуп иштөөдөн баштаган. Ушул эле жылы жандандыруу бөлүмүнө которулуп, 25 жылдын бери анестезист болуп иштеп жатат.

5 кыз жана эгиз уулдардын сүйүктүү энеси. Жолдошу менен баш кошконуна 25 жыл болгон.

«Менин апам Айтбүбү Такырбашева 45 жылдык өмүрүн медицинага арнап, акушер-гинеколог болуп иштеген. Азыркы учурда ардактуу эс алууда. Мен дагы апамдын жолун жолдойм, дарыгер болом деген тилегим бар болчу. Мединститутка барып, өтпөй калдым. Андан соң медучилищага барып, аны бүткөндөн кийин кайра мединститутка бардым. Алар: "2 жыл иштеп кел" деп документтеримди албай коюшту. Ата-энемдин каалоосу менен жандандыруу бөлүмүнө барып иштеп калдым. Кудайдын буйругу менен 1994-жылы жолдошум менен таанышып, ага баш коштум. Кийин окуйм деп жүрүп, бала-чакалуу болгондон кийин окууга деле убакыт болбой калды», - деди ал.

Жеңишгүл айым жашоодогу жана ишиндеги жетишкендиктерин дагы айтты.

«1994-жылы декабрь айында жолдошум Рүстөм Жусупбек уулуна баш коштум. 5 кыз жана эгиз уулдуу болдук. Улуу кызым Бегайым Медициналик академиядан билим алып чыгып, учурда ординатурада окуп жатат. Андан кийинки кызым Бишкек гуманитардык университетинде кытай тили боюнча окуп жатат. Үчүнчү кызым Медина Кытай өлкөсүндө окуйт. Калгандары үйдө, мектепте окушат. Эгиз уулдарым Ислам менен Аслан азыркы учурда 16 жашта. 2011-жылы "Баатыр эне" төш белгисин алгам», - деди Ж.Букарбаева.

Медицина тармагында иштеп, көптөгөн сынактарда алдыңкы орундарды камсыздаган Ж.Букарбаева жандандыруу бөлүмүндөгү түйшүктүү ишин жана окуяларын айтып берди.

«Жандандыруу бөлүмүндө иштеш абдан эле оор. Акыл-эси жоктор, ичип психоз болгондор жатат. Аларды кылдат караш керек. Заңдап койгондорун тазалайбыз. Кээ бирөө сөгүнөт, чабат. Тил алышпайт. Андай учурларда 4-5 кишинин дагы алы жетпей куурайбыз. Бир жолу бир кичинекей бала жандандыруу бөлүмүндө чарчап калды. Атасы жандандыруу бөлүмүнүн эшигин талкалап, дарыгерди чаап, тээп, кол салды. Ал жердеги иштегендер ажыратып калдык. Айрым учурда күйөөлөрү менен урушуп кеткен келиндер «жолдошумду коркутуп коёюн» деген таризде жандандыруу бөлүмүнө жатышат.

Дагы бир жолу 8 айлык баланы алып келишти. Акыбалы абдан оор экен. Өпкөсүнө суук тийип, оорусу өтүшүп кеткен экен. Оозунан ак көбүк чыгып, болбой калганда өмүрүн сактап калдык. Кан тамырын таппай, эптеп бир ичке тамырын таап, дарыларды тез-тезден куюп жатып аман алып калганбыз. Сырттагы адамдарга же башка бөлүмдөрдө иштегендерге биздин ишибиздин түйшүгү көрүнбөйт.

Дарыгер Эдил Үсөнов бөлүм башчы болуп турганда "биз ажал менен күрөшкөн жерде иштейбиз. Бир-бирибизге жаман сөз айтпайлы, көңүлүбүздү калтырышпайлы, ынтымактуу бололу" деп көп айтчу. Чындыгында жандандыруу бөлүмүндө канчалаган адамдар көз жумат. Аларды аман алып калууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Ажалга алың жетпейт да. Кээде ажалга алдырып жиберип, туугандарына угуза албай канча бушайман болобуз. Өлгөн адамдардын денесин өзүбүз тазалайбыз. Мындай учурларда өлгөн адам көпкө чейин көз алдыбыздан кетпей, элеси калат. Биздин ден соолугубузга абдан терс таасирин берет. Негизи жандандыруу бөлүмүндө көп жыл иштегенге болбойт.

Азыркы учурда биздин бөлүмдү Уран Кадырбеков иштейт. Андан сырткары 8 эмчи айым эмгектенет. Анын ичинен 5 эмчи айым жогорку категориядагы адистер, калган үчөө жаш кадрлар. 4 кенже кызматкер эмгектенет», - деди Жеңишгүл айым.

Ал 2011-жылы Ак халатчандардын кесиптик күнүнө карата уюштурулган райондук сынакта 1-орунду, 2017-жылы республикалык сынакта 3-орунду камсыздаган. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы жана «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. 2011-жылы «Баатыр эне» төш белгисин алган. Мындан тышкары райондук, облустук сыйлыктардын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×