Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Ош 14.01.2020 16:51 Жаңыланды: 14.01.2020 16:52

Ошто жолдорду кардан тазалоо иштерине 5 ишкана тартылды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарындагы жолдорду кардан тазалоо үчүн 5 мамлекеттик ишкана тартылды. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Көчкөнов билдирди.

Анын айтымында, «Ош-Тазалык» ишканасы 2020-жылга карата кум, туз сатып ала элек.

«Шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан биздин ишканага жалпы 87 км жолду кардан тазалоо тапшырмасы берилген. Кечээ кечинде жолдорго 6 тонна туз, 1 тонна кум чачылды. Бүгүн эртең менен 12 тонна туз, 3 тонна кум чачылды. Жалпы 18 тонна туз, 4 тонна кум чачылды. 5 техника, 10 жумушчу тартылды. Быйыл туз, кум сатып ала элекпиз. 2018-2019-жылдардан 86 тонна туз артып калган. Азыр ошону пайдаланып жатабыз. Кум аз калган. Эгерде бюджеттен акча бөлүнсө, дагы кум, туз сатып алабыз», - деди Жылдызбек Көчкөнов.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысынын орун басары Сатыбалды Абдылдакуновдун айтымында, жолдорду тазалоого тартылган жумушчулар үчүн ысык тамак, жылуу жайлар уюштурулган.

«Ош шаарынын жолдорун кардан тазалоо үчүн 5 ишканага: Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты, “Ош-Тазалык”, №21 жол тейлөө ишканасы, “ЭлДосСтрой”, Ош шаардык жолдор башкармалыгына беш тилке бөлүп бергенбиз. 2020-жылга 210 тонна туз, 80 тоннадан ашык кум сатылып алынды. Жалпы 35 техника бар. Алардын ичинде атайын карды тазалоо үчүн 17 техника, 85 жумушчу бар. Кар калың жааган күндөрү 24 сааттык нөөмөт коюлду», - деди Сатыбалды Абдылдакунов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагындагы 17-январга чейинки болжолдуу аба ырайы боюнча маалымат таратты.

14-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал.

15-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

16-17-январда туруксуздук сакталып, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×