Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.01.2020 16:30

Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта күйүп кеткен айдоочу тууралуу эмне белгилүү?

Turmush -  Ысык-Көл районундагы жол кырсыктын кесепетинен эки адам күйүп кеткени аныкталды. Алар — 1983-жылы туулган А.Шерик жана 1978-жылы туулган К.Айбек.

Маалым блгондой, каза болгон эки адам тең Кереге-Таш айылынын тургундары болчу. Алар кечээ, 13-январда картошка жүктөп, Бишкек шаарына чыгышкан.

«Агабыз 10 жылдан бери элдин картошкасын алып, Бишкек шаарына алып барып сатчу. Кечээ кечинде картошканы сатуу үчүн өзүнүн унаасы менен үйдөн чыгып кеткен. Кырсык болгонун угуп, жаман болуп жатабыз. Агабыздын сөөгүн алып келүү үчүн Чолпон-Ата шаарына туугандар кетишти», - дешти А.Шериктин жакындары.

А.Шериктин артында 4 баласы калды. Ал эми жүргүнчү катары бара жаткан К.Айбек үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Артында эки баласы калды.

Буга чейин милиция маалымдагандай, 14-январда саат 02:30 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жол кырсык тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын оперативдүү тергөө тобу жана ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын чакырышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жол кырсык Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 51-чакырымында, тактап айтканда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын чыгыш тарабында болгону аныкталган. Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 37 жаштагы тургуну А.Шерик «КамАЗ» унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып, карама-каршы тилкедеги «МАN» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Экинчи унааны Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну К.Элдияр башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен эки жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, окуя болгон жерде «КамАЗ» унаасынын айдоочусу А.Шерик жана жүргүнчү катары бара жаткан Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 41 жаштагы тургуну К.Айбек күйүп кеткен. Ал эми «МАN» унаасынын айдоочусу К.Элдияр жана жүргүнчү катары бара жаткан Түп айылынын 18 жаштагы тургуну Ш.Нурдин алган жараатынан улам райондук ооруканага жаткырылган.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×