Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Ош облусуНоокат району 14.01.2020 16:03 Жаңыланды: 14.01.2020 16:09 На русском

Ноокатта көмүр кениндеги жумуштар токтоп, жеке компаниянын ээси экотехинспекцияга кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Жатан айылындагы көмүр кениндеги казуу иштери тургундардын нааразычылыгынан кийин токтотулуп, «Жар-Коргон» ЖЧКнын ээси Мамэкотехинспекцияга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча жетекчиси Акылбек Шамаев билдирди.

Анын айтымында, арыз ээси жер кыртышына эч кандай зыян келтирилбегенин, тургундар өз алдынча көмүр казышканын жүйөө келтирген.

«Лицензия чалгындоо иштерине гана берилген. Анын негизинде көмүрдүн кору жана жерди казса болору же болбой турганы аныкталыш керек болчу. Компаниянын ээлери чалгындоо иштерин гана жүргүзүшкөнүн айтып жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул аймакта көмүр казылса, жер көчкү жүрүшү мүмкүн деген тыянак чыгарышкан. Учурда жер адистеринен жана экологдордон турган комиссия түзүлдү. Кар эрип кетери менен жер кыртышын текшерип, жыйынтык чыгарышат. Жыйынтыгын карап, анан казууга уруксат берилет же берилбейт. Эгер жер кыртышы бузулганы аныкталса, компанияга айып пул салынат», - деди Акылбек Шамаев.

Ал эми «Жар-Коргон» компаниясынын жетекчиси Таалайбек Атабаев менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы Совет Мурзакулов жеке компания уруксаты жок жана тургундар менен макулдашпай инвесторлорду түнү менен алып келгенин айтты.

«Биз инвесторлорду колдойбуз, айылдын бюджетинин өсүшүнө да жакшы. Бирок чалгындоо башка, казып алуу башка да. Казууга Мамэкотехинспекциядан уруксат алыш керек, эл менен, жергиликтүү бийлик менен макулдашыш керек. Булар түнү менен жумуштарды баштаганы келип алышыптыр. Айыл өкмөт катары мага, район башчысына, элге кабарлаш керек болчу. Негизи компаниянын көмүр казууга уруксаты жок», - дейт С.Мурзакулов.

Turmush басылмасы 7-январь күнү Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Жатан айылынын тургундары айылдагы көмүр кенин иштетүүгө нааразы болуп чыгышканын жазган.

Алар инвесторлордун кетишин талап кылышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, көмүр кенин иштетүү айылдагы жайыттын кыртышын бузат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×