Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.01.2020 16:00

Түптүн Михайловка айылындагы почта 42 жылдан бери оңдоло элек

Turmush -  Түп районуна караштуу Михайловка айылындагы почтанын имараты оңдоп-түзөөгө муктаж.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Түп районундагы бөлүмүнүн башчысы Айбек Күчүковдун айтымында, имарат 1978-жылы курулгандан бери оңдолгон эмес.

«Михайловка айылынын почтасы өзүн өзү каржылагандыктан капиталдык оӊдоо иштерине каражат жетишсиз болууда. Түп району боюнча калкка 21 миллион сом пенсия, 5 миллион сом жөлөк пул таратылса, жергиликтүү жашоочулардын 50%ы мамлекеттик жана коммерциялык банк аркылуу келишим түзүп алып, эсептик карта аркылуу райондун борбору же башка жерден алып кетишет. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же жашоо шарты оор жарандарга жөлөк пул почта аркылуу берилет. Андыктан банк менен келишим түзүлө элек кезде түшкөн киреше кыскарып, азыр өздүк салымга да акча аз түшүүдө. Почтаны оӊдоп-түзөө иштерине айыл өкмөттөн жардам суроого же кошумча каржы булактарын табууга муктажбыз», - деди А.Күчүков.

Учурда жергиликтүү жашоочулар жөлөк пулду эски имараттан алып кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×