Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Нарын облусу, Нарын 14.01.2020 15:16

Нарындын аймагындагы жолго инерттик каражаттар себилип жатат

Turmush -  Нарын облусунун аймагындагы жолго инерттик каражаттар себилүүдө.

Нарын облусунун аймагында туруксуз аба ырайынан улам Кубакы, Кызарт, Долон жана Кызыл-Бел ашууларындагы жол жана Бишкек—Нарын—Торугарт жолу тайгак болот. Нарын ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн маалыматына караганда, мындай учурда унаалардын ортосунда белгиленген аралык сакталышы керек. Ошондой эле кышка даярдыгы жок унааларга сапарга чыгууга тыюу салынат.

Учурда жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери тарабынан тайгакка каршы инерттик каражаттар себилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×