Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Жалал-Абад облусу, Кербен 14.01.2020 14:50

Кербен мэриясы соттон уткан жерин ала албай, 2,5 млн сом зыян тартты

Город Кербен
Город Кербен

Turmush -  Кербен шаардык мэриясы соттон уткан жерин ала албай, 2,5 млн сом зыян тартты. Бул маалыматты мэр Нармат Эсеналиев ырастап, 2 ирет соттон жеңип чыккан жерди ала албай жатканын билдирди.

Анын айтымында, шаардын карамагындагы базардын 1 гектар 79 сотых аянты жеке ишкер менен талашка түшкөн.

«Мэрия 2 жолу Жогорку соттон утуп чыккан. Бирок 2 жылдан бери базардан салык түшпөй, бизге көйгөй жаралууда. Учурда 2,5 млн сомдой каражат түшпөй калды. Соттон жеңип чыкканыбыз менен жер биздин карамагыбызга өтпөй жатат», - деди мэр.

Кербен шаардык кеңеши 2017-жылы базардын 1 гектар 79 сотых жерин мэриянын карамагына алуу тууралуу чечим кабыл алган. Бирок мэрия жерди 2 жылдан бери ала албай жатат.

Кербен шаардык мэриясы базардагы 1 гектар 79 сотых жерден жумасына 4200 сомдон салык алып келген. Бирок мэрия жерди өз карамагына алса, ар жума сайын 30 миң сомдон салык түшөрү эсептелген.

Мэрия жерди жеке ишкерге убактылуу иштетип туруу үчүн ижарага берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×