Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Нарын облусу, Нарын 14.01.2020 14:47

Нарын шаарында керме талашкан кошуналар жулмалашып, урушуп кетишти

Город Нарын
Город Нарын

Turmush -  Нарын шаардык соту Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен айыпталган Венеранын (аты өзгөртүлдү) жорук ишин карап, чечим чыгарды.

Венера 1981-жылы Нарын шаарында туулган. Билим орто, 3 баланын энеси.

Айыпталуучу Венера 2019-жылдын 20-октябрь күнү кошунасы — 1963-жылы туулган Айжан менен кир жайган керме талашып, жулмалашып кетишкен. Ошол маалда Венера ар кандай сөздөрдү айтып, жабырлануучуну бир жолу колу менен чаап жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу Айжан жеңил жаракат алган.

Сот отурумунда жабырлануучу Венераны кечиргенин, ага эч кандай дооматы жоктугун, зыяндын ордун толтурганын жана жеке айыптоодон баш тарта турганын айткан. Алар өз ара жарашып алганын билдирип, айыпталуучуга карата ишти кыскартып, аны жоопкерчиликтен бошотуп берүүнү сурады.

Сот отурумунда айыпталуучу келтирилген өтүнүчтү колдоп, аны канааттандырып берүүнү сурады. Жыйынтыгында сот Венераны жорук жоопкерчилигинен бошотту.

Токтом 2019-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×