Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуПанфилов району 14.01.2020 13:46

Жаш талант: Шахматчы Элдос облустун чемпиону болду

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Букара айылынын 9 жаштагы тургуну Элдос Сарылбеков 7 жашынан бери шахмат оюнуна катышып, 2 жылдын ичинде облустагы мелдештерде алдыңкы орундарды багындырды. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен ушул Букара айылында 2010-жылы төрөлгөм. Атам Амангелди, апам Зарина, агам Ысмайыл, карындашым Раяна болуп аталган айылда жашайбыз. Өзүм Орозалы Текеев атындагы мектепте 4-класста билим алам. Ал эми шахматка 7 жашымдан баштап катыштым. Абдан кызыгып, берилип ойногонум үчүн шахмат ийриминин лидери болууга жетиштим. 2019-жылы Букара айылынын чемпиону болгондон кийин облустук деңгээлдеги мелдешке барып, ал жактан эки жолу чемпион болдум.

Чүй облусунун биринчилиги Кант шаарында өттү. Анда 8 жаштан 10 жашка чейинки балдар арасындагы 8 оюнда 7 упай топтоп чемпион аталсам, 9 жаштагы балдар арасында 1-орунду ээледим. Ал жактан медаль жана биринчи даражадагы диплом беришти. Мындан тышкары 2020-жылы боло турчу республикалык чемпионатка катышууга жолдомо берди», - деди ал.

Жаш шахматчы келечекте Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону болууну каалайт. Ошондой эле мектепте математика жана англис тили сабактарын жактырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×