Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Чүй облусу, Токмок 14.01.2020 13:13

Токмокто бир күндө 21 унаа жолдон чыгып, кыпчылып калган жаш жигит көз жумган

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 30-декабрдан 7-январга чейин 12 жаран жол кырсыгынан жаракат алып, тез жардам кызматына кайрылган. 21 автоунаа бир күндө жол четине тайгаланып чыгып, айланма жолдо жаш жигиттин өмүрү кыйылды.

Токмок шаардык аймактык оорукана: «Биздин тез жардам кызматка 30-декабрдан 7-январга чейин 159 киши кайрылган. Анын ичинен 12 адам жол кырсыгына кабылып кайрылган. 31-декабрда Жантаев көчөсүндө эки унаа кагышып, анын кесепетинен эки киши орто жаракат алган. Алар аймактык ооруканага көрүнүштү. Ошол эле күнү айланма жолдогу арыкка бир унаа кирип кеткен. Жаракат алгандар болгон жок.

Ал эми 1-январь күнү Жантаев көчөсүндө дагы жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыр тартып, ооруканага жеткирилген. 4-январь күнү жол тайгак болгондуктан Шамсинская көчөсүндө 21 автоунаа жол четине чыгып кетишкен. Анда жеңил жаракат алган айдоочу ооруканага баруудан баш тарткан.

7-январь күнү айланма жолдо жол кырсыгы катталып, 1995-жылы төрөлгөн жаш жигит каза болуп калды. Ал кырсыктаган унаанын ичинде кыпчылып калган. Ушул эле жол кырсыгынан төрт адам оор жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×