Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.01.2020 12:45

Аксыда жылкыны жыккан карышкыр атылды

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылындагы мергенчилер дагы бир карышкырды жок кылышты. Бул тууралуу айыл тургуну Жалын Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, 14-январда жылкыны жыккан 1 карышкыр атылды.

«Бүгүн карышкырлар 1 бээни жыгыптыр. Мергенчилер менен биргеликте карышкырларды кубалап, Булут Чынасылов агабыз 1 карышкырды атты. Учурда дагы 9 баш карышкыр жүрөт», - деди Ж.Турдалиев.

Итагар айылында кар түшкөндөн бери 20дан ашык жылкы карышкырга жем болуп, 3 карышкыр атылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×