Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.01.2020 11:50 На русском

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан тирүүлөй күйүп кеткен 2 адамдын өздүгү такталды

Turmush -  Ысык-Көл районундагы жол кырсыктын кесепетинен эки адам күйүп кетти.

Милициянын маалыматына караганда, 14-январда саат 02:30 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жол кырсык тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын оперативдүү тергөө тобу жана ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жол кырсык Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 51-чакырымында, тактап айтканда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын чыгыш тарабында болгону аныкталган. Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 37 жаштагы тургуну А.Шерик «КамАЗ» унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып, карама-каршы тилкедеги «МАN» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Экинчи унааны Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну К.Элдияр башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен эки жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, окуя болгон жерде «КамАЗ» унаасынын айдоочусу А.Шерик жана жүргүнчү катары бара жаткан Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 41 жаштагы тургуну К.Айбек күйүп кеткен. Ал эми «МАN» унаасынын айдоочусу К.Элдияр жана жүргүнчү катары бара жаткан Түп айылынын 18 жаштагы тургуну Ш.Нурдин алган жараатынан улам райондук ооруканага жаткырылган.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин маркумдардын биринин тууганы Данияр: «Жол кырсык саат 01:00 чамасында болду. Мен жүк ташуучу унаа күйүп кеткенде бардым. Адамдар тирүүлөй өрттөнүп кетиптир, денени өлүкканага жеткирдик», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×