Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.01.2020 11:21

Жаш талант: 7 жаштагы Саиддин спорттогу ийгиликтери

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 7 жаштагы тургуну Саид Шамуров таэквондо менен машыгып, ийгиликтерди багындырып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Апасы Мээрим Сейдееванын айтымында, Саид Л.Толстой атындагы мектепте 1-класста окуйт. Таэквондо менен 6 жашынан бери машыгат. Машыктыруучусу Нурдин Каимов.

«Атасы спорт залга алып барганда Саид 5 жашта болчу. Бирок машыктыруучусу 6 жашка чыкканда алып келгиле дептир. Акыркы бир жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Сары кур алып, мелдештерде 2-3-орундарды багындырып жатат. Бишкек шаарында өткөн эл аралык турнирде 3-орунду ээледи. Балыкчы шаарында 4-ачык чемпионатта 2-орунду алган. Саид биринчи жолу мелдешке чыкканда күйөрман катары барып, колдоп турганбыз. Анда 2-орунду алып, сыйлоо аземи учурунда сүйүнүп, көзүмө жаш алган элем», - дейт апасы.

Ал эми Саиддин айтымында, ал келечекте аскер адамы болууну кыялданат. Спорттон тышкары, мектепте окуу, математика, этика сабактарына кызыгат. Бош убактысында сүрөт тартат, китеп окуйт. Келечекте аскерде кызмат өтөп, мекенди коргогон кызматкер болууну самайт.

Ал үй-бүлөдө жалгыз уул.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×