Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусуЛейлек району 14.01.2020 11:08 Жаңыланды: 14.01.2020 16:52

Мурдагы күйөө баласын экинчи аялы менен жалгыз калганда атып кеткен кайын атанын кеги. Окуянын жаңы жагдайлары

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Лейлек райондук сотунда Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 3-пункту жана Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренесинин (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) 1-бөлүгү менен айыпталган Дилмураттын (аты өзгөртүлдү, Х.Д.Т.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Дилмурат Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн 1971-жылы туулган тургуну. Эч жерде иштебейт. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. 2019-жылы 28-октябрда камакка алынган.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Дилмурат 2019-жылы 16-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында өзүнүн үйүнүн алдынан мурдагы күйөө баласы — Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн 1994-жылы туулган тургуну Гапар (аты өзгөртүлдү, Т.Г.Я.) менен буга чейин пикир келишпестиктен улам урушуп, жакалашып кетишкен. Ошол жерден Дилмурат Гапардын оң жак бетине 2-3 жолу уруп жиберген.

Ага чейин 2017-жылы 21-октябрда Дилмураттын 2000-жылы туулган кызы Амина (аты өзгөртүлдү, Д.к.А.) Гапарга турмушка чыккан. Бирок эки жаш бирге жашап баштагандан тартып эле өз ара пикир келишпестиктер жаралып, 4-5 айдан кийин ажырашып кетишкен. Кыздын атасы менен Гапардын ортосунда чыр чыгып, Дилмурат өч алууну көздөгөн. Ал 2019-жылы 27-октябрга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Гапардын үйүнүн алдына барып, өзү менен кошо сактап жүргөн 16 калибрдеги эки көздүү сайсыз мергенчилик ок атуучу куралын ала барып, Гапардын сыртка чыгышын күтүп турган. Гапар гаражынын үстүнө үй болуп курулган экинчи кабаттагы балкондон сыртка чыкканда аны аңдып турган Дилмурат мылтыгы менен оң жак желкесине аткан. Гапар жаракат алып, үйүнүн ичине качып кирип, сырткы эшигин жаап алууга аракеттенип жатканда Дилмурат тепкич менен үйдүн экинчи кабатына чуркап чыккан. Желимден (пластик) жасалган эшиктин айнегин мылтыктын темир стволу менен талкалап, Гапардын моюнунун сол тарабына атып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Лейлек районунун соттук-медициналык кызматынын корутундусуна ылайык, маркум Гапар атылган октун кесепетинен каза болгон.

Айыпталуучу Дилмурат сот отурумунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Гапар кызынын мурдагы күйөөсү экенин, экөө бир кыздуу болушканын айтты. Анын айтымында, жаш жубайлар ажырашып кеткенден кийин мурдагы күйөө баласы аларга жана кызына тынчтык бербей, алар үйдө жокто кызына барып турган. Кызын уруп, сүрөтүн монтаждап, социалдык тармактар аркылуу таратам деп коркутуп, айыл ичинде ар кандай жаман ушактарды таратып жүргөн. Дилмурат 2019-жылы 16-июлда ооруканадан үйүнө барганда атасын (Дилмураттын атасы) Гапар жакасынан кармап турганын көрүп, ачууланганынан мурдагы күйөө баласынын бетине уруп жиберген. Кийин Гапар башка кыз менен турмуш куруп, бирок аларга жана кызы Аминага тынчтык бербей, үйүнүн алдына унаасы менен барып, музыканын үнүн катуу чыгарып, тынчтык берчү эмес. Ошондон улам Дилмурат 2019-жылы 26-октябрда болжол менен саат 21:00 чамасында мылтыгын алып, мурдагы күйөө баласы Гапардын үйүнө барып, Гапардын ата-энеси унаа менен үйдөн чыгып кетишкенин көргөн. Ал мурунку күйөө баласынын сыртка чыгышын күтүп отурган. Болжол менен саат он эки чамасында Гапар балконго чыкканда аны атып, Гапар үйүнө качып киргенде анын артынан жетип барып экинчи жолу ок чыгарган. Дилмурат 4 баласы бар экенин, кылган ишине өкүнүп жатканын кошумчалап, кечирим сурап, жеңил жаза берүүнү суранды.

Ал эми жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Язид (аты өзгөртүлдү, Я.Т.) сот отурумунда маркум Гапар уулу болорун, 2019-жылы 16-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында Гапар уулун көрүп келүү үчүн мурдагы жубайы Аминанын үйүнө барганын айтты. Үйдөн Аминанын чоң атасы чыгып, Гапарды «эмне үчүн келдиң?» деп уруп жатканда айыпталуучу Дилмурат да барып, Гапарды бетине уруп, кетирип жиберген. Язиддин айтымында, 2019-жылы 26-октябрда жубайын, неберелерин унаага салып алып улуу уулунун үйүнө барышкан. Түн кирип кеткендиктен ошол уулунун үйүнө конуп калышкан. Уктап жатышканда жубайынын чөнтөк телефонуна бирөө чалып, Гапарды белгисиз адам өлтүрүп кеткенин айтышкан. Алар үйүнө барганда экинчи кабаттагы бөлмөдө Гапардын денеси кан жана жарым жылаңач болуп жатканын көрүшкөн. Аны ооруканага алып бара жатышканда каза болгон. Язид айыпталуучуну кечирбей турганын, аны мыйзамда көрсөтүлгөн эң жогорку мөөнөт — жыйырма беш жылга эркинен ажыратууну суранды.

Күбө катары суралган Ж.И. ага 2019-жылы 28-октябрда эртең менен милиция кызматкерлери келип, соттун токтомун көрсөтүп, унаа коюучу гаражын ачтырып, ал жактан ок атуучу курал табышканын билдирди.

Ал эми Амина сот отурумунда Гапар менен 2017-жылы баш кошуп, андан кийин Россияга иштегени барышканын, бирок ал жактан күйөөсү уруп, үйгө жалгыз камап кетип, тамак бербей кыйнай бергендиктен Кыргызстанга ата-энесинин үйүнө келгенин айтты. Анан кайын энеси (Гапардын апасы) алып кеткенин, кайын журту менен жашап жүргөндө маркум жолдошу Гапар ага Россиядан телефон чалып, жаман сөздөр менен сөгүп, «сага үч талак, боюңдагы кыз меники эмес, анын мага кереги жок, алдырып ташта же өлүк төрөлсүн» дегенинен кайра өз үйүнө кетип калганын билдирди. 2018-жылы 23-июлда кыздуу болуп, Гапар Россиядан Кыргызстанга келгенден кийин «кызымды көрөм» деп кайра-кайра үйүнө барып, атасы Дилмурат жокто тополоң салып, уят сөздөр менен сөгүп, ушак таратып, башка кызга үйлөнсө дагы тынчтык бербей келгенин кошумчалады.

Маркум Гапардын экинчи жубайы Дилноза (аты өзгөртүлдү, Д.И.) 2019-жылы 27-октябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Гапар балконго чыгып, кайра үйгө киргенде «тарс» деген үндү укканын, чуркап барганда күйөөсү килемдин үстүндө кан болуп жатканын көрүп, үйдө эч ким жок болгондуктан кошуналарын чакырып келгенин, кийин кайын атасы жана кайын энеси аны ооруканага алып кетишкенин билдирди.

Жыйынтыгында сот Дилмуратты күнөөлүү деп таап, 13 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп таап, 250 эсептик көрсөткүчтөгү (25 миң сом) айып салынды. Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Баткен облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанып же сунуш келтире алат.

Соттун өкүмү 10-январда чыкты.

---------------------------------------------------------------

Turmush 27-октябрда Лейлек районунун Бешкент айылында желкесине ок атылган 25 жаштагы жигит каза болгонун жазган.

Каза болгон жигит аны атууга шектелип кармалган 48 жаштагы Х.Д.нын кызы менен 2 жыл жашап, 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Ал 1 ай мурда башка кызга үйлөнгөн. Х.Д. кызын башка бирөө менен кудалашып койгондо мурдагы аялын кызганган күйөө бала ал жигит менен да мушташып, жаңжал чыгарган.

Маркумдун денеси 28-октябрь күнү жерге берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×