Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 14.01.2020 10:02 На русском

Төрөттөн кийин турмушу түп тамыры менен өзгөргөн Залина туулган күнүн белгиледи. Сүрөт

Turmush -  Залина Үмөталиева төрөт учурунда комага түшүп калган. Андан кийин башына операция жасалып, учурда үйүндө жатат.

Ал 1983-жылы 26-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында төрөлгөн. Жакында эле анын жакындары чогулуп, туулган күнүн белгилешти.

«Биз бир туугандары, бала-бакырабыз жана өзүнүн үч уулу, бир кызы болуп анын көңүлүн көтөрөлү дедик. Атайын торт жасатып, шам үйлөттүк. Жаткан керебетинин тегерегине шар байлап, туулган күндүн шаан-шөкөтүн бир аз жасадык. Албетте ал баарын көрүп, түшүнүп, кичине кубангансыды. Балдарынын улуусу Рейна 15 жашта, уулу Нурсултан 13 жашта, Бексултан 7 жашта болсо, эң кичүүсү Нурэлге 1 жаш 3 ай болду.

Азыр ден соолугу жакшы, кичине жылыш бар. Бирок өтө кымбат дарыларды колдонуп жатат», - деп билдиришти туугандары.

Залина Үмөталиева тууралуу макаланы бул шилтеме аркылуу окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×