Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Нарын облусуЖумгал району 14.01.2020 10:58

Жумгалда көрүүчү «жок» концерт өттү. Видео

«Кош жылдыз» сынагы
«Кош жылдыз» сынагы
// Турмуш

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулган «Кош жылдыз» кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында өткөн кароо-сынактын максаты — райондук мекеме-ишканалардагы таланттууларды эл алдына алып чыгуу жана маданиятты өнүктүрүү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сынак көрүүчүлөрдүн жоктугунан 2 саатка кеч башталып, ага болгону райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Фатима Өмүралиева, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жумабек Тултуков сынакка катышкан жуптардын жакындары, тууган-урук жана теңтуштары, санаалаштары болуп жалпы 20га чукул көрүүчү күбө болушту.

Жумгал районунун акиминин орун басары Фатима Өмүралиева сынакка катышкан жуптарга ийгилик каалап, залда көрүүчүлөр аз болгону зээнди кейите турганын айтып өттү. Ал эми райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жумабек Тултуков таланттарын тартуулаган өнөрпоздор менен мекемелерге ыраазычылык билдирди.

«Жакшы эле аракет кылып, чоң-чоң байгелерди коелу дегенбиз, бирок баары эле каражатка такалат экен. Мунун демөөрчүсү маданият бөлүмү болду. Эптеп бир аз каражат таптык. Аз болсо да көптөй көрүп койгула. Ушул жылы демөөрчүлөр көп болот деп ойлойм. Ошондо кандай гана маданий иш-чара уюштурбайлы эл көп келип, зал толот деп ишенем», - деди Ж.Тултуков.

«Кош-Жылдызга» катышкан жуптардын бири маданият кызматкери болсо, бири мекеме-ишканалардын кызматкери болду. Аларга 3 тапшырма:

- Обондуу чыгармалардан бир ырды фольклордун коштоосунда аткаруу;
- Обондуу чыгармалардан бирди эстрада жанрында аткаруу;
- Сатира же улуттук жана заманбап бий аткаруу тапшырмасы берилген.

Сынакка жалпы 4 жуп катышып, жыйынтыгында 1-орунду Жумгал ат оюндары федерациясынын президенти Нурлан Шамырканов менен райондук К.Акыев атындагы музыкалык драма театрынын актрисасы Фарида Шыгаева алышса, 2-орунга маданият үйүнүн кызматкери Арзыбек Сейитказиев менен саламаттыкты сактоо кызматкери Айнагүл Мамырбаева​​, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Гүлшат Көккозова менен райондук маданият үйүнүн кызматкери Рыскелди Медетбек уулу ээ болушту. 3-орунду Мидин Алыбаев орто мектебинин мугалими Жыргал Сулайманов менен райондук маданият үйүнүн кызматкери Назгүл Буржукеева ээледи.

Жеңүүчүлөргө ардак баракчалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×