Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Ысык-Көл облусуТоң району 14.01.2020 08:52

Тоңдо окуучуларды таң калтырган мугалим (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 34 жаштагы тургуну Айзада Акунова 6 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мугалим болууну кичине кезинен эле кыялданчу.

«2009-жылы К.Иманалиев атындагы жалпы орто мектепте лаборант болуп иштеп баштагам. 2013-жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келем. 1-класстан 4-класска чейин бир классты бүтүрдүм. Азыркы учурда 2 «А» классты окутуп жатам. Кичинемден эле мугалим болгум келчү. Өзүм тарых сабагын жакшы көрүп, тарыхчы мугалими болууну каалагам. Бирок ушул факультетти тандап калдым. Себеби кичине балдар менен иштөө кызыктырып туруп алды. Кичине балдар менен иштөө ары татаал, ары кызыктуу. Балдардын жан дүйнөсү таза. Капаланып келсең да мотурайган балдарды көргөндө баарын унутасың. Бат эле көңүлүмдү ачып, капамды жазып коюшат. Балдарга көбүнчө оюн түрүндө сабак өтүп, интерактивдүү ыкмаларды колдоном. Классымда сыналгы бар. Андан флеш-карта аркылуу кызыктуу маалыматтарды көрсөтөм же мультфильм коюп берем.

Азыр 4-класска чейин окуткан окуучуларым 7-класс болушту. Алар 2-класс болуш керек эле, сентябрь айында китеп таратып бердим. Анан «китепти туура колдонуу керек, тышын тыштагыла, чийбегиле» деп айтып жатып, «барактарын айрыбагыла, эгер айрысаңар мен да силерди айрыйм» деп айтып алдым. Окуучулар таң калып, дуу эте күлүштү. Өзгөчө эркек балдар шыбырашып эле «айрыйм деп кой» деп күлүп калышты.

Кичине балдар эч качан калп айтпайт. Жыйналышка ата-энелерин чакыртсаң апам барбайм деп койду деп айтып келишет. Ал эми апалары болсо «бошобой жаттым» эле деп коюшат. Китепкаптарына момпосуй, алма жана таттууларды сала келишет да мага беришет. Кийип келген кийимдериме чейин «жарашат экен же жарашпайт экен» деп комплимент айтып турушат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы алданып калган күндү эскерди.

«1-апрелди тамаша күнү деп айтып жүрөбүз. Бир күнү мектептен жеңем (абысыны) Нуриза Тумаева телефон чалып калды. «Тез келе кал, айлык келди» деди. Анда айлыкты райондон алып келип таратышчу. Шашылып жетип бардым. Конторго кирсем баары эле тынч. Жеңеме чалдым, каткырып эле калды. Эгер чалбай эле кетип калсам билинбей калмак, өзүм чалып жиберип алданганым билинип калган.

Бош убактымда гүл өстүргөнгө кызыгам. Китеп окуйм, тарыхый чыгармаларды жана көркөм чыгармаларды окуйм. Кичүү кызым 1 жаш 3 ай болду. Бал тили чыгып, тилине тойбой турган убагыбыз. Балдарым элдин кызматын аркалаган инсандардан болушун тилейм. Окуткан окуучуларым татыктуу билим алып, эмгегим эл-журтта бааланса экен дейм», - деди ал.

Мугалим айым 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×