Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуАламүдүн району 14.01.2020 08:15

Чүйдө эски жаргылчак 18 миң сомго бааланып жатат

Turmush -  Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну Дияна Элдиярова өзүнүн чоң ата, чоң энесинен калган эски жаргылчакты 18 миң сомго баалап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Бул жаргылчакка бери дегенде 100 жыл болуп калды. Себеби чоң ата, чоң энеме алардын ата-энесинен калган экен. Алар «бала кезде эле ушул жаргылчактан талкан тартып чоңойдук» деп айтып калышчу. Негизи чоң атам согуштун ардагери болгон. Азыр эми бул жаргылчак колдонулбай калбадыбы. Бирок баалагандар же колдонобуз дегендер болуп калар деп сатыкка чыгаргам. Эски буюм болгону үчүн баасын да 18 миң сом деп койдум. Ичи 5 жылдыз болуп чектирилген. Тешиктерине сайып айландырган жыгачтары жоголуп кетиптир. Аны жасап койсо болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×