Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 13.01.2020 20:00 На русском

Короодогу 40 баш малды жеп кеткен жырткычтар, түнү менен аңдып жүрүп карышкыр аткан мергенчи. Видео

Turmush -  Кечээ, 12-январь күнү Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Искендер Таштанбеков түнү менен карышкырларды аңдып жүрүп, таңга жуук бирөөсүн аткан. Ал эми Кара-Мык айылында карышкырлар бир жылдын ичинде 120га жакын мал жандыкты жеп кеткен. Бул тууралуу Кара-Мык айылынын башчысы Абдилла Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, кышында карышкырлар айылды аралап кирип, элдин малына кол салат. 2019-жылдын башынан бери карышкырлар айылдагы жалпы 80ден ашуун кой-эчки, 10 жылкы, 15 уй-торпокту жеген.

«Кара-Мык айылынын жайыты, жайлоосу чоң. Элдин көпчүлүгү мал чарбачылык менен алектенет. Кыш келип, карышкырлар элдин малына күнү-түнү кол салууда. Карышкырлардын күч алганынын себеби — Жекенди айыл өкмөтүнүн Тажикстандын Жерге-Тал району менен чектеш жайгашканында. Тажикстанда карышкырларды атууга тыюу салынган. Кара-Мык айылында былтыр карышкырлар үйүрү менен келип, бир короодогу 40 баш майда малга кол салган учур катталган», - деди Абдилла Жакыпов.

Кар жааганына карабай малга кол салган карышкырларды түнү менен аңдып, ургаачы карышкырды атып алган Искендер Таштанбеков ушул жылдын башынан бери 7 карышкыр атканын билдирди. Ал карышкырдын терисин сыйрып, этин кардарларына саткан.

Ош облусунун аңчылык департаментинин Чоң-Алай району боюнча башкы адиси Абидин Мамажусупов мергенчилер карышкырларды тирүүлөй кармап же атып, анын терисин мамлекетке өткөрүп беришсе, аларга 6 миң сом акча каражаты тапшырыларын билдирди.

«Жыл башынан бери Жекенди айыл өкмөтүндө 14 карышкыр атылып, анын ичинен бирөө тирүүлөй кармалган. Ар бир айылда документтештирилген мылтык менен карышкырларды атууга уруксат берилген. Быйыл карышкырлар өткөн жылга салыштырмалуу көп», - деди А.Мамажусупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×