Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.01.2020 17:39

Чаткалда кышкы спорт оюндары боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Бүгүн, 13-январда Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында кышкы спорт оюндары боюнча мекемелер аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, анда эркектер жана аялдар арасында лыжа менен 500-1000 метр аралыкка жарышуу, эстафеталык жарышуу, аркан тартыш, кап менен урушмай, чана менен жарышуу, челек чапмай сыяктуу кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Оюнга жалпы 20дай мекеме-ишкананын жамаатынан куралган командалар катышты.

Соңунда жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жыйынтыгында 1-орунду райондук социалдык коргоо башкармалыгынын командасы, 2-орунду Сүйүмкан Чондоева атындагы бала бакчанын жамааты, 3-орунду Сатимбай Мырзалиев орто мектебинин командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×