Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Ош 13.01.2020 17:25

Жолдошун арматура менен өлтүргөн келиндин иши сотко өттү

Turmush -  Ош шаарында жолдошунун башына арматура менен чаап өлтүргөн келиндин кылмыш иши сотко өттү. Бул маалыматты Ош шаардык сотунан тастыкташты.

Кылмыш иш Ош шаардык сотуна өткөрүлгөн. Соттук отурум 16-январда өтөт.

Turmush басылмасы Ош шаарында жолдошунун башына арматура менен чаап өлтүргөн келин 20-ноябрь күнү бир айга камакка алынганын жазган.

Тергөө учурунда 19-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында 1991-жылы туулган П.Г 1973-жылы туулган жолдошун (И.Ү.) арматура менен башына 3 жолу чаап өлтүргөнү аныкталган. Шектүү жолдошун акыркы сапарга узатып жаткан учурда камакка алынган. Жубайлар 6 жыл бирге жашап, 2 кыздуу болушкан.

-------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Алай районунда каза болгон күйөөсүн акыркы сапарга узатуу учурунда Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. адам өлтүрүүгө шектелип, боз үйдө ыйлап отурган жеринен камакка алынганын жазган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркум жубайы менен пикир келишпестиктен улам жаман мамиледе болгону аныкталган. И.Ү. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы арматура менен үч жолу башына чапкан. Оор абалда жаткан жабырлануучуга тез жардам көрсөтүүчү дарыгерлерди аялы жана кошунасы чакырган. Шектүү кылмышын жашырып, кошунасына жолдошу сырттан жаракат алып келгенин айткан. Маркум Ош шаардык ооруканасында эс-учуна келбей каза болгон. Келин сурак учурунда күйөөсүнүн башына арматура менен чапканын мойнуна алган.

Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун негизинде (ден соолукка оор зыян келтирүү) сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, далил буюм катары узундугу 97 см, диаметри 12 мм болгон арматура алынган.

Маркум Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус айдачу. Ал 4 баланын атасы болгон (биринчи жана экинчи жубайынан).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×