Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ош облусуОш 13.01.2020 10:24

Жеңил атлетика боюнча өлкөнүн ачык чемпионатында ОшМУнун студенттери 6 медаль жеңишти

Turmush -  Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча кышкы ачык чемпионатында Ош мамлекеттик университетинин студенттери бир катар ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Чемпионат 10-11-январь күндөрү Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өткөн. Ага 15-16 жаштагы өспүрүмдөр, 18 жаштан жогору курактагы улан-кыздар катышты.

ОшМУнун «Биримдик» спорт клубунун жетекчиси Алмазбек Казибековдун айтымында, Спортчулар 3000, 1500, 800, 400, 200, 60 метр аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирүү жана ядро ыргытуу боюнча ат салышкан.

«300гө жакын спортчунун арасынан жакшы жыйынтык көрсөттүк. ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия бөлүмдөрүнүн студенттери: Жамшитбекова Алмыкан 800 м аралыкка чуркоодо 1-орунду, 400 м аралыкка чуркоодо 2-орунду, Садыкжан уулу Шахзатбек 200 метр жана 400 метр аралыкка чуркоодо 1-орунду, Жумабаев Бектурсун 60 метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоодо 2-орунду ээлесе, юридика факультеттин студенти Кыпчакова Азиза 60 метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоо боюнча 2-орунду багындырды. Садыкжан уулу Шахзатбек февраль айында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо утуп алды. Мелдешке катышууга колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берген ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго ыраазычылык билдиребиз», -деди А.Казибеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×