Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Баткен облусуБаткен району 11.01.2020 19:09

Баткендин 3 тургунун кармап кетишкен: Баткен—Исфана унаа жолунун жабылышынын чоо-жайы такталды. Сүрөт

Turmush -  Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Баткен—Исфана унаа жолунун жабылышынын чоо-жайы такталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 10-январда кечинде тажик тараптагылар кыргыз жаранынын оор жүк ташуучу унаасына таш ыргытышкан. 10-январда милиция жана Чек ара кызматы Тажикстандын тиешелүү жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда эки тарапка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айтылган. Бүгүн, 11-январь күнү кыргыз тарап тажик жаранынын «Портер» унаасына таш ыргытышкан. Айылдагы көпүрөдөн тажиктер кыргыз жарандарын көздөй таш ыргытышкан. Тажик жаранын унаасына таш ыргыткан 3 кыргыз жаранын милиция кызматкерлери кармап, Баткен РИИБге алып кеткен. Көк-Таш айылынын тургундары милиция кармап кеткен 3 адамды чыгарууну талап кылып, Баткен—Исфана унаа жолун жабышкан.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан маалыматына караганда, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда жол ачылды. Учурда чек арада абал турукташканы менен чыңалуу бар. Чек ара кызматы аталган аймакта күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×