Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Нарын облусуКочкор району 13.01.2020 12:35

Бир түндө суукка тоңуп өлгөн 40 кыз: Жумгалдагы күйүт жана ашуудагы эстелик. Сүрөт

Turmush -  Кызарт ашуусундагы кырк кыздын бейитине белги таш коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чолпон айылынын тургуну Баатырбек Исмаилов билдирди.

Кызарт ашуусу Кочкор жана Жумгал өрөөндөрүн байланыштырып турат. Кочкордон Жумгал тарапка бара жаткан жолдо Кызарттын белине жетпей, Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак айылынан өткөндө, саздын күн батыш тарабында 40 кыздын 18-19-кылымдарга таандык бейити (мүрзөсү) бар. Ал бейитке «Чолпон» коомунун жигиттери чоң ташты сүйрөтүп келип, бетине 40 кызга арнап ыр жаздырып, белги коюшту.

«Рима Султанова деген айылдаш эжебиз Жумгалга жолдошу менен бара жатканда түн ичинде эс алалы деп унаасын жолго токтотуп, уктап калышат. Бир маалда чочуп ойгонсо талаада кызыл-тазыл кийинген кыздар жүргөнүн көрөт. Ошол бойдон коркконунан сүйлөбөй, Жумгалга жеткенде көргөн окуясын айтып берет. Ал жердегилер «ал жерде 40 кыздын мүрзөсү бар эле, куран окутуп коюш керек» дешет. Ал эже бизге «ошол жерге белги койсом болот эле» деп айтып калды. Ошол себептен чолпондук жигиттер чоң ташты орнотуп, бетине ыр жаздырып, белги кылып койдук. Мүрзөлөр жер болуп билинбей калыптыр. 36 мүрзөнү санап чыгып, таш менен тегеректеп койдук. Эми ал жакка бурулуп унаа токтогондой кылып грейдер менен түрттүрүп, жол салдырып койсок деп турабыз», - деди Исмаилов.

Кызарт ашуусунда өлкөн кырк кыз жөнүндөү уламыш

Кызарт ашуусундагы кырк кыздын мүрзөсү тууралуу эл ичинде уламыш айтылат. Илгери Кызарт ашуусунун аркы бетинде Жумгалдын байлары жайлачу экен. Жай мезгилинде орозо бүтүп, айт болуп калат. Айттаган улуулар менен бирге биз дагы айттайбыз деп, байдын 40 үйүнөн 40 кыз чогулат. Кыздар жибек, шайы көйнөктөрүн түрлөнтө кийип, үкү топуларын желге желбиретип жөнөгөндө аларды көрүп көз арткан бир кедейдин кур тончон кызы «мени кошуп алгылачы, эжекелер» деп ээрчип алат. Адегенде алар көрк бузар кызды эрчиткилери келбей, анан «мейли, баштыгыбызды көтөрүшүп алар» деп макул болушат. Кыздар ашуудан ашып, Кочкор тараптагы боз үйдөн улам кийинки боз үйгө кирип, айттын кызыгына батып, ойноп-күлүшөт. Күн бешим болгондо гана айылдын этегинен кайтышат. Бат эле күн кечтеп, жайдын күнү ичиркенткен шамал, бороонго айланат. Жамгыр нөшөрлөп, карга айланат. Жибек кийген бечара кыздар эмне кылар айласын таппай, талаада буюгуп, адашып калышат. Капыстан келген бороон, карайлата жааган кардын суугуна туруштук бере албай, жеңил кийинген кыздар ошол жерде таң аткыча тоңуп мерт болушат. Айыл эли да айттап кетишкен кыздарын таппай калышат. Эртеси эртең менен издеп чыгышып, 40 жерде дөмпөйүп кар алдында тоңуп калган кыздарынын денелерин табышат. Бир гана кур тон кийип ээрчип чыккан кедейдин кызы тирүү калган экен. Мына ошондон тартып бул ашуу кыздар ашкан Кызарт ашуусу аталып калат. 40 кызды ошол жерге коюшкан. Кырк кыздын ашуусу деп да аталып жүрөт.

Кыргызстандагы кызыктуу видеолорду Aimak Akipress ютуб каналынан көрүңүз. Каналга катталыңыз

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×